Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы›2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы›35-§. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//ыр…
35-§. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//ыр…
Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//- ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште+ар=иштээр, башта+ар=баштаар, ойло+ар=ойлоор, ка-ра+ар=караар ж.б.
Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө -ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири+ир=ирир, чири+ир=чирир, байы+ыр=байыр, жиби+ир=жибир, ысы+ыр=ысыр, ээрчи+ир=ээрчир
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 35-§