КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы›2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы›41-§. Күчөтмө маанидеги кап-, көп, кып-, кип-, күп-, жеп-,…

41-§. Күчөтмө маанидеги кап-, көп, кып-, кип-, күп-, жеп-,…

Күчөтмө маанидеги кап-, көп, кып-, кип-, күп-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп- ж.б.у.с. формалар  негизги сөз  менен бирге жазылат: капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, аппак, жыпжылуу,  мупмуздак,  ыпысык,  жапжалгыз.  Ошондой  эле тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 41-§