Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›V. Татаал сөздөрдүн жазылышы›3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы›47-§. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн…
47-§. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн…
Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 47-§