Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›V. Татаал сөздөрдүн жазылышы›3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы›49-§. Татаал этиштин ар бир түгөйүнүн айрым жазылышы
49-§. Татаал этиштин ар бир түгөйүнүн айрым жазылышы
Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, айттырып ий, кете бер, алып барып кел, таап кел, алып барып бере кой, сурап чыга кал, жыгылып кете жаздап барып токтоду, келе жатат ж.б.
Эскертүү: «жат» деген жардамчы этиш кыскарып «ат» болуп айтылса, ал негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: баратат, келатат ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 49-§