Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›V. Татаал сөздөрдүн жазылышы›3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы›51-§. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүктөрүнүн айрым-айрым жазылышы
51-§. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүктөрүнүн айрым-айрым жазылышы
Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор), бир кезде, ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир паста (татаал тактоочтор).
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 51-§