КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›V. Татаал сөздөрдүн жазылышы›3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы›53-§. Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук…

53-§. Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук…

Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектешин айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, бар эле, сен го, эң сонун, бах чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, мага чейин, тоого дейре, ар нерсе, ар ким, кимдир бироо, эч качан, эч жерде, эч нерсе, ар качан ж.б.

Эскертүү: эчтеке, эчтеме, эчтемке, бирдеңке, бирдемке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 53-§