КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›58-§. 1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги,…

58-§. 1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги,…

  1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Аян, Кыял, Балка, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс, Чолпон, Тынай, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б.
  2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Элтегин, Сонунбала, Мамбеткалыб, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Элмира ж.б. Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.
  3. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглы, заде ж.б. сыяктуу). кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы. Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж. б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин).
  4. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет.
  5. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, Назгуль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил.
  6. Адам аттарына -лык, -чы, чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 58-§