Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›1. Үндүү тыбыштардын жазылышы›6-§. Йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурлар
6-§. Йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурлар
Уңгу сөздөрдө болсун, же сөзгө мүчө уланганда болсун, оо, уу созулма үндүүлөрү йоттошкон тыбыштардан же й тыбышынан кийин катарлаш келген учурларда алардын айкалышы ёо, юу түрүндө жазылат: аюу, коюу, боё+оо - боёо, ая+оо - аёо, тая+оо - таёо, жай+уу - жаюу, кой+уу - коюу ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 6-§