КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›60-§. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин…

60-§. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин…

Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Бонч-Бруевич, Жан Жак Руссо, Салтыков-Щедрин, Иоганн Себастьян Бах ж.б.

Эскертүү: Орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джек, Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдошов, Джаныбеков сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдошов, Жаныбеков түрүндө жазылат.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 60-§