КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›62-§. Астрономиялык энчилүү аттар

62-§. Астрономиялык энчилүү аттар

Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Чолпон, Жетиген, Жети Каракчы, Алтын Казык, Үркөр, Саманчы Жолу.

Эскертүү: эгерде жер, күн, ай деген  сөздөр  астрономиялык энчилүү ат эмес, жалпы ат маанисинде колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат.

Мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 62-§