Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›64-§. 1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен…
64-§. 1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен…
- Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Нарын, Гүлчө, Жазы ж.б.
- Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп, айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Көл, Соң- Көл, Ысык-Ата, Ала-Тоо, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кара-Үңкүр, Кум-Төр ж.б.
- Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Кеңкол, Каракол, Чаткал, Улакол, Торугарт, Балгарт, Аламүдүн, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур, Мырзаке, Чалдыбар.
- Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (мындай географиялык аттардын дефис коюлбай жазылышы орус орфографиясындагы эрежелерге негизделет, анткени бул сыяктуу аттар орус тилинде да дефис коюлбай жазылат): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка ж.б.
- Кыргыз тилине которулбай алынган (орусча кандай айтылса, ошол калыбынча колдонулуп жүргөн) жана орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган татаал географиялык аттардын арасына дефис коюлуу же коюлбай жазылуу жагы орус орфографиясындагы принциптерге ылайык иштелет. Буга төмөнкүлөрдү мисал кылууга болот: Кривой Рог, Ясная Поляна, Усть-Каменогорск, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жанейро, Нью- Йорк, Сан-Франциско.
- Географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысык-Көл// ысык-көлдүк, Нарын//нарындык
- Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самарканд, Ташкент, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Кызылжар, Түркия ж.б.
Эскертүү: I) арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоң- Сары-Ой айылы ж. б.;
II) түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен баш-талып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Түштүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысык-Көлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 64-§