Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VIII. Ташымал›78-§. Сөздөрдүн бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылышы
78-§. Сөздөрдүн бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылышы
Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, бо-ек, то-ют, айтылган-дар, келген-дер, же ай-тылгандар. Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт; то- олордо эмес, тоо-лордо; бекинү-үчү эмес, бекинүү-чү, за-аркану- учу эмес, заар-кануу-чу.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 78-§