Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›II. Тыбыштардын жазылышы.›2. Үнсүз тыбыштардын жазылышы›8-§. Төл сөздөрдө р тыбышы
8-§. Төл сөздөрдө р тыбышы
Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө жазылат.
Эскертүү: араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамазан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, рухий.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 8-§