Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VIII. Ташымал›80-§. Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары,…
80-§. Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары,…
Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары, араа, эне, эшик, ээле, элек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, унаа, ишен, имер сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаңы сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-га, а-та, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа э-не, э-шик, ээ-ле, э-лек, ө-мүр, ө-түк, ы-сык, оо-на, уу-ла, у-наа, и-шен, и-мер болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 80-§