КыргызчаРусский

Эрежелер›Фонетика›Ассимиляция деген эмне

Ассимиляция деген эмне

Речь тизмегиндеги сөздөрдүн составында жанаша айкалышта турган үндүү же үнсүз тыбыштардын акустико-артикуляциялык жактан окшошуп айтылышы ассимиляция деп аталат. Ассимиляцияда тыбыштар бири-бирине толук окшошсо толук ассимиляция, бөлүктөрү окшошсо толук эмес ассимиляция болот.

Эгерде речтин тизмегинде сөздөрдүн составында жанаша турган тыбыштардын мурункусу кийинкисине окшошсо регрессивдүү, экинчи тыбыш биринчисине окшошсо, прогрессивдүү ассимиляция болот. Мисалы, үй-лар⟶үйлөр, тамба<танба.

Тыбыштардын өзгөрүшү аралык боюнча контакттуу жана дистакттуу болот. Контакттуу өзгөрүүдө (лат. contactus — тийиштүү) катар турган тыбыштар, дистакттуу (лат. dis — бир), tactum — тийишүү) өзгөрүүдө тыбыштардын арасында башка тыбыш болот. Мисалы, кырг. тамба, о. леччик (контакттуу) ж.б.

Диссимиляция. Речь тизмегиндеги сөздөрдүн составындагы бир типтеги тыбыштардын бирдей фонетикалык облигин жоготушу, б. а. ассимиляцияга карамакаршы кубулуш диссимиляция деп аталат. Окшош же бири-бирине жакын эки тыбыш эки башка тыбышка өзгөрөт.

Диссимиляция да ассимиляция сыяктуу прогрессивдүү, регрессивдүү жана контакттуу, дистакттуу болот. Мындай учурда үнсүздөр жасалуу орду жана ыгы, үндүүлөр тилдин баскычы боюнча айырмаланат. Мисалы, дистакттуу диссимиляция (р), (л) тыбышына өтөт: коридор — колидор, секретарь — секлетар; эки (л) тыбышынын бирөө (р) тыбышына өтөт: вельблюд; м—н: бонба; р—л: дилехтор ж.б.

Ассимиляция тилдин фонетикалык облигин анча өзгөртө албайт, ошондуктан адабий тилде орун алат: диссимиляция тилдин фонетикалык облигин дээрлик өзгөрткөндүктөн, адабий тилдин нормасында орун албастан, диалектиде гана орун алат.

Булагы: «Тил илимине киришүү», 1980