Эрежелер›Морфология›Этиштин өзгөчө формалары›Чакчылдар
Чакчылдар
Кыймыл-аракеттик жана ал-абалдык касиет маанисин сактап, грамматикалык сан, жак, чак категориялары менен өзгөрбөгөн этиштин өзгөчө формаларын чакчылдар дейбиз.
Мисалы: - Жакшы экен, - деп, Жолой улутуна күлүмсүрөдү. (К.Жантөшев) Тек гана жылмая күлүп, жылдыздуу отурду. (Т.Сыдыкбеков) Бул мисалдардагы улутуна, жылмая деген сөздөр грамматикалык кыймыл-аракет маанисин билдирип турат, бирок аларда кайса жак, кайсы чак жана жекелик же көптүк сан маанилери туюндурулбай турат.
Кыргыз тилинин грамматикаларында чакчылдар тууралуу атайы маалымат элүүнчү жылдардан кийин гана бериле баштады. Чакчылдар тууралуу атайын илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн окумуштуу - Аскар Турсунов. Ал кыргыз тилиндеги чакчылдарды терең изилдеп, алардын лексика-грамматикалык белгилерин ачып, өзгөрүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, атайын китеп жазып чыгарган.
Тилибизде чакчыл сөздөрдүн мааниси өтө чоң. Сүйлөмдө чакчылдар өз алдынча да, татаал сөздөрдүн тутумунда да келе берет. Бардык учурда чыкчылдар кыймыл-аракеттик, ал- абалдык маанилерин жоготпойт. Татаал сөздөрдүн (татаал айтылыштардын) тутумунда келип, чак, жак, сан маанилерин билдирбесе да сүйлөмдөгү этиштин негизги кыймыл-аракет маанисин туюндуруп, этиштик касиетин сактап келет.
Кыргыз тилинде чакчылдарды уюштуруучу атайын грамматикалык каражаттар бар.
Алар: -ып, -а, -й, -ганы, -ганча, -гыча, -майынча. Буларды биз чакчыл мүчөлөр дейбиз.
Чакчыл мүчөлөр этиш уңгуларга жалганып, уңгудагы сан, жак жана чак маанилерди солгундатат же жоюп жиберет. Этиш уңгуда кыймыл-аракет же ал-абал мааниси гана калат. Мисалы: жылмай деген этиште жекелик сан, абстракттуу экинчи жак жана буюруу келер чак маанилери бар. Эгерде жылмая сүйлөдү десек, жылмай деген этиш уңгуга чакчылдын -а мүчөсү уланып чакчыл формасына өттү да, ал сөздөгү жекелик сан, абстракттуу экинчи жак жана келер чактагы буюруу маанилери жок болуп калды. Бирок жылмая деген сөздө жылмай этиши билдирген кыймыл-аракет маани толук сакталды.
Демек, чакчылдар этиштин өзгөчө формасы деп аталганы менен алардагы негизги этиштик маани жоголбойт, болгону алар (чакчылдар) жак, чак, сан маанилерин билдире албай калат. Анын үстүнө этиш сөздөрдүн дээрлик бардыгындагы грамматикалык жак, чак жана сан маанилерин билдирген каражаттар чакчыл мүчөлөрдөн кийин жалганат. Бул жагынан да чакчылдарда нагыз этиштик маанилердин жоголуп кетпей, дайыма сакталып турганын байкайбыз.
Ошентип, чакчылдар этиштин өзгөрмө формалары үчүн негиз болуп кызмат кылат, болгондо да негизги этиш маанисинде болуп кызмат кылат. Кыргыз тилинде этиштин айкын келер чак менен учур чак формаларынын негиздерин дайыма чакчыл этиштер түзөт, башкача айтканда, айкын келер чак жана учур чакты туюндура турган грамматикалык каражаттар чакчыл мүчөлөргө келип жалганат. Мисалы: Чапкан сайын туягы кызыган аттай болуп, согушта да киши кызыйт. (У.Абдукаимов) Колуңуздун кычуусу болсо кандырып алыңыз, Чортон аке, анан сууга ыргытып жиберели. (Т.Абдумомунов) Дүйнөнүн миң биринчи сересинде, кызыгы эч тарабас жаштык барат. (С.Тургунбаев).
Биринчи сүйлөмдөгү кызыйт деген этиш сөздө грамматикалык үчүнчү жак, келер чак, жекелик сан маанилери бар. Бул маанилер -т мүчөсү аркылуу туюндурулуп жатат. Этиштик уңгу (кызы-) чакчыл формага (кызый) өтүп, жак (-т) уландысынын жалганышы үчүн негиз болуп келди.
Экинчи, үчүнчү сүйлөмдөрдөгү (ыргытып)жиберели, барат деген этиш сөздөр тиешелүү грамматикалык жак, чак, сан маанилерде турат. Мына ошол маанилерди туюндурган (-ли, -т) каражаттар чакчыл формадагы этиштик негиздерге (жибере, бара) келип жалганды.
Ал эми этиштин татаал формаларында болсо, чакчыл көрсөткүчү негизги этиштин тутумунда болот: бара берди, айтып жатты, алып келген, урушуп калчу, бара жатат, окуп келер ж.б. Учур чак менен келер чактын татаал формаларында чакчыл мүчөлөр негизги этиштин тутумунда да, жардамчы (көмөкчү) этиштин тутумунда да катыша берет: ойноп жатат, сүйлөй берди, отура турайын ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат