КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Этиш

Этиш

Заттардын кыймыл-аракетин, бейпилдик абалын жана акыл-ойдогу аракеттерди билдирген сөздөрдү этиш сөздөр деп айтабыз. Этиштер эмне кылып жатат? эмне кылды? эмне кылат? деген сыяктуу суроолорго жооп берет.

Этиш   термини   эт-   деген   сөздөн   келип   чыккан.   Ал «иште-», «кыл-», «аткар-» деген сыяктуу маанилерди билдирет. Бул байыркы учурларда активдүү колдонулуп, азыркы кыргыз тилинде өз алдынча дээрлик колдонулбайт да, кабыл эт-, сабыр эт-, кыймыл эт-, былк эт-, солк эт- өндүү татаал этиштердин тутумунда гана айтылат. Башка тилдерден өздөштүрүлүп уюшулган зтиштик татаал  формалар менен оозеки кебибизде колдонулуп калат: звонить эт-, встречать эт-, оформить эт- ж.б.

Кыргыз тилинин сөз түркүмдөрүнүн ичинде этиш сөз түркүмү өзгөчө орунда турат. Анткени, биринчиден, этиштер тилдеги сөздүк кордун салыштырмалуу көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Экинчиден, этиш сөздөрдүн башка сөз түркүмүнө өтүп кетүүсү өтө сейрек учурайт. Алар тилдеги туруктуу лексика- грамматикалык топту түзөт. Башка тилдерден этиш сөздөрдүн ооп келиши, башкача айтканда, кабыл алынышы да жокко эсе.

Үчүнчүдөн, этиш сөздөрдүн грамматикалык түзүлүшү өтө татаал, анын грамматикалык категориялары да өздөштүрүүгө бир топ оор.

Этиштер ынгай, мамиле, жак, чак, сан категориялары боюнча өзгөрөт, оң жана терс маанилерди туюндуруп айтылыш формаларына да ээ. Кыймыл-аракеттин субөектиге карата өтмө же өтпөс (булар тууралуу ылдыйда өзүнчө сөз болот) болуп келиши да этиштердин тутумдук түзүлүшүнө байланыштуу. Анткени, жаратылыштагы жандуу жана жансыз заттардын мейкиндик чегиндеги кыймылы жана ал кыймылдын мезгилдик алкагы чексиз. Демек этиш сөздөр өтө ар түрдүү кыймыл- аракеттерди, өтө ар түрдүү бейпилдик абалдарды, акыл-ойдогу өтө ар түрдүү кыймыл көрүнүштөрүн, кыймыл-аракеттердин ар башка убакыт бирдигинде, ар кайсы мезгилдерде жүрүп турганын билдирет.

Кыргыз тилинде гана эмес, жалпы эле  түрк тилдеринде этиш сөздөрдүн баштапкы формасы жөнүндөгү маселе тактала элек деп эсептейбиз. Көпчүлүк түрк тилдеринде, анын ичинен кыргыз тилинде да, баштапкы форма катары жекелик сандагы экинчи жакты билдирген буйрук ыңгай негиздери (уңгулары) кабыл алынган. Алсак: бас-, же-, сүйлө-, байка-, камчыла-, ташырка-, моймолжу-, тамылжы-, күлүмсүрө- деген сыяктуу сөздөр ушул турушунда эле этиштик негиз (уңгу) катары карала берет. Азыркы кыргыз тилинде уңгу этиштер менен туунду этиштер дайыма буюруу, талап кылуу маанилери менен келет. Ошондон улам сөздүктөрдүн реестринде да ушундай турпатта колдонулат.

Ал эми түрк тилдеринин бир тобунда этиш сөздөрдүн баштапкы формасы катары -мак (мисалы: өзб. йиғмоқ, ялинмоқ; уйг. қайтмақ; азерб. нурланмағ; түркчө йазмак, гелмек) мүчөсү менен аяктаган туунду формалар колдонулат. Кыргыз тилинде болсо, -мак мүчөсү кыймыл атоочтун көрсөткүчү катары кызмат кылат: Кел демек бар, кет демек жок. (Макал).

Түрк тилдериндеги бири-бирине дал келбеген мындай көрүнүштөрдүн агглютинация тилдеринин ички табиятына ылайык чечилиши азырынча келечектин иши катары түркологияда ачык бойдон калып келет.

Бул китепке биз К.К. Юдахин түзгөн «Кыргызча-орусча сөздүк»1 менен Б.М. Юнусалиевдин2 лексикологиясындагы жазылыштарды негиз кылып алып, этиш унгулардын (негиздердин) аягына дефис белгисин коюп жаздык.

Этиш сөз түркүмү башка сөз түркүмдөрүнөн төмөнкүдөй белгилери менен айырмаланат.

  1. Маанилик жактан негизинен кыймыл-аракетти, бейпилдик абалды билгизет.
  2. Өзүнө гана тиешелүү болгон грамматикалык категориялары (ыңгай, мамиле, чак жана жак) бар.
  3. Өзүнө гана тиешелүү курандылары бар. Алар этиштерди гана жасайт: -ла: камчыла-, сүйлө-, ойло-, тордо-, табышта-; -дан: каардан-, ардан-, кубаттан-; -а: сына-, күчө-, сана-; -ай: азай-, көбөй-, чоңой- ж.б.
  4. Синтаксистик жактан негизинен баяндоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Ал бала чагынан эле кыштак турмушуна көнгөн. (Б.Усубалиев) Жигит ээнсирей түшкөн үй ичии бир сыйра кыдырата карады. (А.Муратов).
  5. Сүйлөм тизмегинде адатта акыркы (экинчи) орунда турат. Кээ бир стилдик максаттарда айтылганда жана поэзияда сүйлөмдүн башына да келе бериши мүмкүн.

 

 

 

1.) Кыргызча-орусча сөздүк. Түзгөн К.К.Юдахин. М., 1965.

2.) Юнусалиев Б.М. Киргизская лексикология. Ч. 1. Развитие корневых слов. Фрунзе

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат