КыргызчаРусский

Эрежелер›Лексикология›Историзм деген эмне

Историзм деген эмне

Күндөлүк турмушта колдонулуучу белгилүү бир заттар же түшүнүктөр коомдун өнүгүшүнө байланыштуу анын талаптарына жооп бере албай, колдонуудан чыккандыктан, аны атап жүргөн сөз да акырындык менен пассивге айланып, бирок белгилүү бир тарыхый доордун көрсөткүчү катары тилде али колдонулган сөздөрдүн тобу историзмдер деп аталат. Мисалы: Октябрь революциясынан мурунку кыргыз коомунун социалдык өзгөчөлүгүн көрсөткөн историзмдер: бай-манап, болуш, жалчы, батрак, бий, миң башы ж.б. ; Падышалык Россиянын колониялык башкаруучулук саясатына байланышкан историзмдер: жарым паша, пристав, кызыл чок, оезной, күүнадыр, чиновник, көпөс ж.б. ; Ошол кездеги элдин турмуш-тиричилигинде колдонулуп жүргөн историзмдер: чырак, чокой, кашкар чөөгүн, жаргылчак, соку, сок билек, малаташ, ыштык ж.б. Историзмдер элдик оозеки чыгармаларда, асыресе, эпостордо, макал-ылакаптарда, оозеки кепте кеңири учурайт. Историзмдерди тематикалык жактан жалпысынан төмөнкүдөй топтоштурууга болот. а) Ар кандай титулдарды, согуштук чиндерди туюндурган историзмдер: бек, кан, жайсаң, чоро; б) Курал-жарак, кийимдердин, буюмдардын аттарын билдирген историзмдер: ай балта, ак олпок, күүрөкө, добулбас, жазайыл, чыңыроо, ок чонтой, койчагыр, бардаңке, нар кескен, накер, аккелте, ач албарс кете, буулум, бапик, кандагай; в) Коомдук түзүлүшкө байланыштуу ар кандай түшүнүктөрдү жана мифологиялык түшүнүктөрдү билдирген историзмдер: нөкөр, бакшы, бүбү, жайчы, токол, күң, кул, батрак, жай таш, албарсты, жезит ж.б. г) Административдик башкарууга, бийлик жүргүзүүгө байланышкан историзмдер: чоро (солдат), кошуун, зардал (жол баштагыч), калдай (мансаптуу адам), он башы. элүү башы, жүз башы миң башы ж.б. д) Эски үрп-адаттарга, салтка, улуттук оюндарга байланышкан историзмдер: эшик ачуу (кудалардын биринчи жолу биринин үйүнө бири алгачкы киргенде акча, буюм же мал түрүндө берилүүчү сый-салты), сөйкө салуу (кудалашкандан кийин кудагыйдын — болочок кайнененин тамак-аш, кийим-кече менен барып, болочок келинге сөйкө салуу салты), жыгач түшүрүү ( болочок кайнатанын калың катары мал, акча-пул алпарып, болочок келинин көрүү салты), бел куда болуу (балдар туула элек, боюнда бар кезинде кудалашуу салты), маасы тартуу (колуктусу менен биринчи жолу бирге жатарда күйөө баланын бут кийимин жеңелеринин тартып-чечүү салты), түндүк көтөрүү (жаңы үйлөнгөн жаштарга арнап боз үй көтөрүүдөгү салт), жүк көрүү (кыздын себин кудалар көрүүдө берилүүчү сый-белек), ак туяк чалуу (түлө катары кудайга жалынып жылкы союу), ак сары башыл (кой союп түлөө кылуу). ачуу басар (апа качып кеткен кыздын ата-энесинин алдына түшүү үчүн алып барган тартуу), баабедин (жети токоч бышырып кудайга табынуу), башын байлоо (бой аялды же кызды башка жакка кетпесин үчүн алдын ала калың толоп, сөйкө салуу салты). Жар көрүшүү (үйлөнүү тоюндагы ырдоо салты), жыртыш (адам өлгөндө, анда катышкан адамдарга, көбүнчө аялдарга кездеменин айрындысынан же башка буюмдардан эстелик катары белек берүү сыйы), кайчы куда (кыздын келин болуп барган жагынан кыздын төркүн тарабы кыз алуу, кудалашуу), шейшеп жаңыртуу (аялдын үстүнө жаңы аял алуу, көбүнчө жаш токол алуу), тизе жылытуу (карыганда жаш аял алуу), кебез байлоо (кызга куда болуу үчүн мыкты аттын көкүлүнө кебез байлап жетелеп баруу салты), сармерден (тойлордо, кыз оюндарында ырдашуу), сөөк жаңыртуу ( эски кудалардын дагы жаңы кудалашуу салты). Улуттук оюндарга байланышкан историзмдер: акыйнек (кыздардын эки тарап болуп бири-бирин кордошу), ит тартыш (аркандын же узун жиптин эки учун моюнга салып, карама-каршы багытка төрт аяктап тартышуу), токмок салуу (кыз оюндарда (тоюнда) сүйгөн жигитине кыздын эшилген кур менен акырын ийинге чаап коюшу), таз чабыш (таздар баш кийимдерин алып таштап, атка минип алып жаңы союлган койдун же эчкинин өпкөсү менен эл алдында бир-бирин башка чабышуусу, ж.б. е) Диний түшүнүктөрдүн аттарын билдирүүчү историзмдер — кожо, эшен, дубана, аза (өлгөн адамга мал союп, куран окутуу), аят, доорон, дуба, кадыр түн, келме, куран түшүрүү, куранкана (куранды окууга жарап калуу), кыдыр алейсалам, ыйман айтуу, шейит, кырк чилтен, кыямат кайым, мударис, мурут, суннет, сополдяр, дарс, битир, медресе, кыбыла, кыям ж.б. ж) Ар кандай буюм-тайымдардын, абстракттуу түшүнүктөрдүн, белги-касиеттердин, көлөм-ченемдердин аттарына байланышкан историзмдер дулдул (аттын эң чыдамдуусу, күлүгү), баяндос (жерге салынуучу кооз таар, килемче), бексул (орус тилинен кирген — векселъ — атайын мөөнөтү белгиленген акчаны төлөө үчүн кол коюп берилген документ-кагаз), дардаңкү (фарсы тилинен кирген сөз: сөөктөн же катуу жыгачтан жасалган тиш чукур), дөөтү (усталардын пири), жексур (кишиге, элге жаман көрүнүү), казат (согуш майданы), каирдин (динге каршы адам же өтмө мааниси — таш боор), тоорук (карыз), усуп (ак кездеменин бир түрү), ажо (эл башчысы, мамлекет башчысы), азартүмөн (сан жеткис, өтө көп) ж.б. з) Фразеологизмдер жана өз ара ажырагыс түрдөгү сөз айкашынан турган историзмдер: адисинен ашуу (чектен тыш тентектенүү, элди көзүнө илбей терс иштерди жасоо). ак каптал (өтө тапан), ак көрпө жайыл (аял затынын ак пейил, жайдары мүнөзү), ак кылуу (балага атасынын тескери бата берүүсү, балалыктан кечүүсү), Аккула жандан кайылбы (бир ишке тобокел кылуу, жанын аябоо), ат кара тил болду (көк узарып, малдын көккө толук тойгон учуру), аяк улоо (мингич, минип жүрүүгө жарай турган улоо), баса көктөө (кандайдыр бир иштин аягына өжөрлүк менен чыгуу, же ишти зордоп иштетүү), дене кул (биротоло кул болуу), дес тийүү ( колуна бийлик тийүү, бийликке ээ болуу), жапма челек (жашырып, башкаларга көрсөтпөй ичкен тамак), ийри тумшук (жолдуу адам, көбүнчө бышкан тамактын үстүнөн чыгуу), каз элечек (койкойто (каздын мойнундай) оролгон элечек), калмак жүрүш (атты желе-жорто бастыруу), кандуу моюн (киши өлтүргөн, мойнунда кишинин каны бар адам), кара элечек кылуу (согушта эр бүлөлөрдүн курман болушунан улам аялдардын кара кийинип, жесир калышы), кул жебес (малдын чүйгүн эти), кызыл жабар болуу (бир үй-бүлөдө жашаган адамдардын кездемеден кийим тигип кийишкендери), кызыл уук (болуу) (чаап, талап алуу, бүлүк түшүрүп, үйдүн тутуусун сыйрып, малын талап, кыздарын олжолоп кетүү), кызы козу (товарды же малды кымбатка белгилүү убакка чейин карызга берүү, сатуу), эриш бузуу (никелүү аялды же кайындуу кызды ала качуу), сарт байлоо (ээр — токумдуу аттарды каршы-терши каратып, чылбырлары менен куюшканга байлоо), сасык эт кылуу (кылмышы үчүн минип жүргөн атты же кандайдыр бир малын, буюмун бекер олжого алуу), сопу садык чалганда (сопу садык — араб сөзү, таң куланөөк болгондо, таңдык салганда, таң сүрө баштаганда), суканы качуу // суру качуу (арыктоо, өң- түсүнөн кетүү, көркүнөн ажыроо), суу болуу (бир ишти бүтүү же аласасын алуу үчүн убара болуу, бара берип тажоо), чаар баш (жеткен чыр, өз билгенин бербеген ыгы жок өжөр маанисинде) ж.б. Историзмдер да тилдик кубулуш катары ар коомдук түзүлүштүн ар бир орчундуу этаптарында жаралып, кийинчирээк алар белгилүү бир тарыхый доордун көрсөткүчү катары гана жашап, тилдин лексикасынын активдүү составынан акырындык менен сүрүлө баштайт. Бул жагынан алганда, историзмдер ар бир тарыхый доордун коомдук, таптык ж.б. өзгөчөлүгүнө байланыштуу ар кандай мүнөзгө ээ. Мисалы, Кокон хандыгы мезгилиндеги башкаруу системасына байланыштуу келип чыккан жана ошол кезде активдүү колдонулган өкүмдар, казый, миршаб, удайчы, датка, аталык, паңзат, саркер, сарбаз деген сыяктуу толгон-толгон сөздөр бүгүнкү күндө элибиздин өткөн турмушун мүнөздөөчү гана көрүнүш катары историзмге айланып кеткен. Демек, историзмдер — ар бир доордо, ар бир тарыхый окуяларда, коомдук түзүлүштүн өзгөрүү шарттарында дайыма пайда болуп туруучу тилдин лексикасынын пассивге айланган бир катмары. Бирок тарыхый кубулуш катары историзмдердин баарын эле тилден биротоло сызып салуу да бир жактуу. Анткени булардын айрымдары кандайдыр бир тарыхый-коомдук шартка байланыштуу кайрадан жанданып, тилде колдонула башташы да ыктымал. Айталы, кийинки мезгилде кыргыз элинде болуп жаткан коомдук зор өзгөрүүлөрдөн улам айрым бир эски каада-салттар, үрп-адаттар ж.б. кайрадан жандана баштагандыгы, динге карата болгон элдин көз карашынын өзгөргөндүгү белгилүү. Ушул жагдайларга байланыштуу мындай үрп-адатты, каада-салтты, айрым бир административдик кызмат атоолорун жана диний түшүнүктөрдү белгилеген губернатор, аким, ажо, нооруз (жаңы жыл майрамы), сүмөлөк (ноорузда атайын жасалуучу тамак), орозо, мечит, медресе, ажы, жарамазан деген сыяктуу историзм сөздөр баш көтөрүп, тилибизде кайрадан колдонула баштаганы байкалат.

Булагы: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997