КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Өтмө жана өтпөс этиштер

Өтмө жана өтпөс этиштер

Этиш сөздөр табиятынан эле кыймыл-аракетти, ал-абалды билдиргендиктен, кыймылга келтирген жана кыймылда болгон заттардын өздөрү менен тыгыз байланышта болот. Этиштин кыймыл-аракет маанисин ошол заттардан байкайбыз. Кыймыл- аракетти ким жүргүзүп  жатат,  ким же эмне кыймылга келип жатат, мына ошолорду заттар аркылуу туябыз.

Ошондуктан, адегенде кыймыл-аракеттин субъектиси, кыймыл-аракеттин объектиси деген түшүнүктөрдү тактап алуу талап кылынат.

Кыймыл-аракеттин субъектиси болуп сүйлөмдөгү кыймыл-аракетти аткарган зат эсептелет. Мисалы: Мурат козуларды бүгүн ушул борчуктарга жайып келген. (К. Баялинов) Кыймыл-аракетти аткарган субөект, башкача айтканда, козуларды багып келген – Мурат. Айтике кишилердин үстүнө кирүүдөн уялды. (А.Токомбаев) Кыймыл-аракетти аткарган субөект,   башкача   айтканда,   кирүүдөн   уялган   –   Айтике. Мисалдардагы   субөектилердин   экөө   тең   (Мурат,   Айтике) грамматикалык ээлер.

Субөект дайым эле грамматикалык ээге дал келе бербейт. Грамматикалык ээ субөект болбой калып, кээде сүйлөмдүн толуктоочу да субөект милдетин аткара берет. Мисалы: Көпүрө биздин аталарыбыздын күчү менен салынган. Бул жерде грамматикалык ээ (көпүрө) субөект болбой калды. Ишти аткарган субөект, башкача айтканда, көпүрөнү салган – аталарыбыздын күчү. Бул жерде субөект – толуктооч.

Кыймыл-аракеттин обөектиси болуп сүйлөмдөгү кыймыл- аракеттин барып тийип турган жери, кыймыл-аракет таасир этип турган зат эсептелет. Мисалы: Карыпбек астыга эки-үчөөнү өткөзүп ийди. (М.Макенбаев) Кыймыл-аракет (өткөзүп ийди) астыга деген обөектиге барып тийип турат. Тигил суу ылдый чуркаган кишилерге жети жашар Батийна жолукту. (Т.Сыдыкбеков) Кыймыл-аркеттин (жолукту) барып жеткен предмети – суу ылдый чуркаган кишилер. Демек бул сүйлөмдө кишилерге деген сөз – обөект.

Ошентип, этиштер обөект менен субөектилердин ортосундагы жандуу карым-катыш, байланыш-аракеттерди тейлейт. Мына ушул милдеттерди аткаруудагы ар түрдүу кызматтарынан улам этиштерди биз өтмө жана өтпөс этиштер деп экиге бөлөбүз.

Кыймыл-аракет обөектиге тике багытталып, аракеттин таасири ага (обөектиге) жетип, аны (обөектини) кандайдыр өзгөрүүгө дуушар кылган этиштер өтмө этиштер деп аталат. Мисалы: Адилет калем учтады. Кыймыл-аракет (учтады) обөектиге (калем) тике багытталып, аны кыймылга келтирди, өзгөрүүгө дуушар кылды, башкача айтканда, учтады деген этиш сөздөгү кыймыл-аракет процесси калем  деген (табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү көмүскөдө калган – «калемди учтады») зат атоочко өтүп турат. Демек, учта- – өтмө этиш.

Кыймыл-аракет кандайдыр обөектиге багытталбай, кыймыл-аракеттин натыйжасы башка заттарга таркабай субөектинин өзүнүн гана айланасында калып калса, мындай этиштер өтпөс этиштер деп аталат. Мисалы: Чөп алачыктын жанында чал менен кемпир олтурат. (К.Жантөшев) Бир аздан кийин мамонт башын чулгуп тура баштады. (К.Эсенкожоев) Мисалдардагы олтурат, тура баштады деген этиштердеги кыймыл-аракеттер кандайдыр обөектиге багытталган жок, башка затка да таркаган жок, субөектилердин өзүн гана кыймылга кириптер кылды (чал тенен кемпир олтурат; мамонт тура баштады). Башкача айтканда, этиш сөздөрдөгү кыймыл башка затка өткөн жок. Демек, олтурат, тура баштады – өтпөс этиштер.

Кыргыз тилинде этиш сөздөрдүн өтмө жана өтпөстүк белгилерин бири-биринен ажыраткан атайын грамматикалык каражаты жок. Мындай белгилер этиштердин лексикалык маанилери боюнча эле аныкталат. Жыйна-, бөлө-, айыр-(айры-), кама-, күрө-, байла-, ула-, кура-, тоно-, ото-, чыгар-, толтур-, түрт-, ур- деген сыяктуу этиштердин лексикалык маанилерин андап көрсөк, кыймыл-аракеттин аткарылышы кандайдыр башка заттын кыймылга кириптер болушу аркылуу ишке ашаары көрүнүп турат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул этиштердеги кыймыл-аракет башка бир затка өтөт, демек булар - өтмө этиштер.

Ал эми айны-, кула-, кыяла-, ойно-, түлө-, кайна-, жөнө-, эркеле-, өбөктө-, укта-, же-, ич-, кел-, жүр-, күл-, жөнө-, кызар-, жумшар-, жашар- деген сыяктуу этиштердин лексикалык маанилерине назар салсак, кыймыл-аракеттин аткарылышы башка затка (башкача айтканда, обөектиге) багытталбастан, субөектинин өзүнө багытталып, өзүндө калып жатат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул этиштердеги кыймыл- аракет обөектиге таралган жок, субөектинин өзүндө кала берди, демек булар - өтпөс этиштер.

Ошентип, кыргыз тилиндеги этиш сөздөрдүн лексикалык маанилеринин өзүндө эле кыймылдын обөектиге тике багытталып, өтмө этиштик жана обөектиге багытталбай, өтпөс этиштик грамматикалык маанилер кошо болот.

Кыргыз тилинде этиш сөздөрдүн өтмөлүк жана өтпөстүк маанилери, жогоруда айтылгандай, алардын лексикалык маанилеринде гана  болбостон,  этиштин мамиле көрсөткүчтөрүндө да өтмө, өтпөстүк маанилерди жаратуу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Өздүк жана туюк мамиле этиштердин грамматикалык каражаттары этиш сөздөргө өтпөстүк маани ыйгарат: бөлө-, тала-, чыла-, байла-, түрт- деген сөздөрдө кыймыл обөктиге багытталып, кыймыл процесси обөктиге жете тарап жатат, башкача айтканда, буларда өтиө маани бар. Ал эми бөлөн-, талан-, чылан-, байлан-, түртүн- деген өздүк мамиле формаларында болсо, кыймыл обөектиге багытталбай, ага жете таркаган жок, субөектинин өзү кыймылга келип, кыймыл-аракет ошол жерде калды. Өздүк мамиле каражаты (-ын мүчөсү) этиштерге өтпөстүк маани берди.

Туюк мамиле каражаты (-ыл мүчөсү) да ушундай касиетке ээ: кама-, жыйна-, кайыр-, (кайры-), тоно-, чыгар- деген этиштик негиздерде кыймыл обөектиге багытталып турат, бул сөздөр туюндурган кыймыл-аракеттердин натыйжасында обөект өзгөрүүгө дуушар болот. Булар - өтмө этиштер. Ал эми ушул этиш сөздөрдү камал-, жыйнал-, кайрыл-, тонол-, чыгарыл- деп туюк мамиле каражаты менен өзгөртсөк, кыймыл обөектиге багытталбай, ага жете таркабай, субөектинин өзүнүн айланасында кала берет. Өтпөстүк маани берилип, өтпөс этишке айланып кетет.

Аркылуу мамиленин грамматикалык каражаттары этиш сөздөргө өтмөлүк грамматикалык маани ыйгарат. Анкени, өздүк жана туюк мамилелер кыймыл-аракеттин аткарылышында субөектинин ролун арттырып, натыйжаны да ошол субөектинин айланасында кармаса, аркылуу мамиле кыймыл-аракеттин аткарылышында башка субөектинин таасирин алдыңкы планга алып чыгып, кыймыл-аракеттин натыйжасын обөектиге багыттайт, обөектиге карай таркатат. Мисалы: түлө-, кула-, ото-, кайна-, кана-, жөнө-, агар-, кайгыр-, кел-, укта-, күчө-, түнө-, отук-, тынык-, шаңшы-, какшы-, көбөй-, эркеле-, кел-, өт-, кайт-, кач-, уч-, ак-, эм- деген этиштердеги кыймыл-аракет обөектиге карата багытталбай, субөектинин өзүнө тийип, субөектинин өзүн кыймылга, өзгөрүүгө дуушар кылып турат. Булар - өтпөс этиштер.

Ал эми түлөт-, кулат-, ойнот-, кайнат-, канат-, жөнөт-, агарт-, кайгырт-, уктат-, күчөт-, түнөт-, шаңшыт-, какшыт-, көбөйт-, эркелет-, өткөр-, кайтар-, качыр-, учур-, агыз-, эмиз- деген аркылуу мамиле этиштерде кыймыл-аракет башка субөект тарабынан аткарылып, кыймылдын натыйжасы кандайдыр обөектиге карата багытталып жатат. Башкача айтканда, этиш сөздөрдө өтмөлүк маани пайда болду.

Кош мамиленин мүчөсү (-ыш) этиш сөздөрдүн өтмө, өтпөстүгүнө таасирин тийгизе бербейт. Анткени кош мамиледе этиштердеги кыймыл-аракетти аткаруучу субөектилери  менен кыймыл-аракет барып таасир этип турган обөектилер ошол бойдон сакталып кала берет. Мисалы: сана-, кама-, ула-, тоно-, кетменде-, жулкула- деген өтмө этиштерге кош мамиленин мүчөсүн жалгасак, санаш- (акчамды санашчы), камаш- (ар жагын тосуп, койду корооого камаш), улаш- (улаганга жардам бер деген мааниде) тонош-, кетмендеш-, жулкулаш- болуп, субөектилер өзгөргөн жок, ошол эле субөект менен дагы бирөө биргелешип аракеттенип жатат, кыймыл-аракет таасир этип турган обөектилер да ошол бойдон. Ошентип, этиштердин өтмө мааниси өтмө бойдон калды.

Ал эми чурка-, телчик-, жөнө- деген өтпөс этиштерге аркылуу мамиленин -ыш мүчөсүн жалгасак, чуркаш- (бирге чуркаштык), телчигиш- (бирге телчигишкен) болуп, кыймыл- аракет обөектиге багытталган жок, анткени субөектилери ошол бойдон эле калды, болгону аларга дагы башка субөект кошулуп аракет жасап жатат. Бул учурда да өтпөстүк маанилер өзгөргөн жок.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Өтмө жана өтпөс этиштер