КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сөздүн тутуму›Сөз мүчөлөрү

Сөз мүчөлөрү

Сөздөрдүн тутумунда, бирөө болобу, экөө болобу, сөз мүчөлөрү (морфемалары) болот. Жалпы лингвистикада сөз мүчөлөрүн морфемалар деп аташат. Морфема (сөз мүчөсү) тууралуу жогоруда айтылды. Кыргыз тилинде маани-мазмундук белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турган сөз мүчөлөрүнүн (морфемалардын) үч түрү бар. Алар:

Уңгу (сөздүн уңгусу, башкача айтканда, сөздүн уңгу мүчөсү).

Куранды (сөздүн куранды мучөсү).

Уланды (сөздүн уланды мүчөсү).

Сөз мүчөлөрү (морфемалар) бардык сөздөрдө дайым эле толук катыша бербейт. Кээ бир сөздөр жалаң эле уңгудан турат: үй, жоо, ат, апа, жүрөк, кулак, баатыр, кумурска  ж.б. Булардын ар биринде сөздүн бир гана мүчөсү бар, ал – уңгу. Башкача айтканда, бул сөздөрдөн бардыгы – уңгулар.

Кээ бир сөздөр уңгу жана куранды мүчөлөрдөн турат: уй- чу, жоо-кер, ый-ла-, сөз-мөр, уч-куч, жүрөк-түү, баатыр-дык ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, куранды) турат.

Уңгу жана уланды мүчөлөрдөн турган сөз формалары да бар: апа-м, кулак-тын, айт-па, жүрөг-үм, ат-ың ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, уланды) турат.

Уңгу, куранды жана уланды мүчөлөрдөн турган формалар да бар: кий-им-ди, ой-мог-ум, ач-кыч-ыңыз ж.б. Булардын  ар бири үч мүчөдөн (уңгу, куранды, уланды) турат.

Бир нече курандылуу сөздөр да болот: китеп-кана-чы, бас- ма-кана, жаз-уу-чу ж.б.

Бир нече уландылуу сөз формалары да болот: мектеб-иң-е, ата-м-дын, үй-лөр-ү ж.б.

Ошентип, сүйлөмдүн тизмегинде сөздөр өздөрү туюндурган лексикалык жана грамматикалык маанилерине жараша тиешелүү түрдө жалаң гана уңгудан туруп да, курандылуу болуп да жана уланды мүчөлөр менен да уюшулуп, ар кандай формада келе берет: уюм, уйчу, жоокерлер, жүрөккө, жүрөктүү, баатырсың, баатырдык ж.б.

Тилдин жандуу көрүнүшүндө, ошентип, сөз мүчөлөрү кырдаалдарга жараша бири-бири менен айкашып келе берет. Мына ошол айкашууларда сөз мүчөлөрү тыбыштык жактан дайым эле бир калыпта боло бербейт. Уңгу гана тыбыштык өзгөрүүлөргө учурабай туруктуу жашайт. Ал эми курандылар менен уландылар болсо, ар кандай айкалыштарда өздөрү жалганган   уңгудагы   үндүү,   үнсүз   тыбыштардын   мүнөзүнө жараша көбүнчө өзгөрүп айтылып колдонулат. Ошентип, курандылар менен уландыларды алар жалгана турган уңгу мүчөлөрдөгү тыбыштарга карата өзгөрүп, же өзгөрбөй айтылыштары боюнча ээрчиме мүчөлөр жана ээрчибес мүчөлөр деп эки топко бөлөбүз.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сөз мүчөлөрү