КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Cөз түркүмдөрү›Сөз түркүмдөрү

Сөз түркүмдөрү

Тил дегенде көбүнчө ал тилдеги сөздөрдү түшүнөбүз. Ал эми тилде сөздөр өтө көп да, алар өтө ар түрдүү. Алсак, тоо, таш, киши, айбан, аюу, кетмен, күрөк, китеп, чапан, тал, терек, аары, чымчык, баш, бут, тынчтык, убакыт сыяктуу сөздөр бар. Анан дагы кел-, жүр-, ал-, бер-, ич-, чык-, жалбар-, жүгүр-, ойно-, сүйлө-, сайра-, карма-, отур-, тур- өңдүү; ак, кызыл, жашыл, буурул, тору, ачуу, таттуу, момун,  коркок, узун, кыска өңдүү; бир, эки, үч, беш, он жети, кырк алты, төртүнчү, отуз сегизинчи өңдүү ж.б. толуп жаткан сөздөр маанилик топторго бириккени менен жалпы мааниси боюнча ар бир топ бири-биринен айырмаланышат.

Байкап көрсөк, бул сөз топторунун биринчилери (тоо, таш ж.б.) кандайдыр нерселердин, түшүнүктөрдүн аттарын, экинчилери (кел-, жүр- ж.б.) кыймыл-аракеттерди, үчүнчү топтогулары (ак, кызыл ж.б.) кандайдыр касиеттерди, андан кийинкилери (үч, беш ж.б.) эсепти билдирип, ар бири өз-өзүнчө түркүмдөрдү түзүп турат. Булардан башка да түркүмдөр бар. Бул түркүмдөрдүн ар бириндеги сөздөр өз ара маанилик жалпылыкка ээ болгон топтор болуп саналат. Ошентип, тилдеги сөздөр жалпы грамматикалык маанилерине, жалпылык белгилерине (лексика-грамматикалык белгилерине) жараша сөз түркүмдөрүнө бөлүнөт.

Тилдеги сөздөрдү лексика-грамматикалык белгилерине карай топтоштуруу, башкача айтканда, сөздөрдү сөз түркүмдөргө бөлүштүрүү атайын принциптерге ылайык ишке ашат. Кыргыз тилинде сөздөр сөз түркүмдөрүнө маанилик (семантикалык деп да аталат), морфологиялык жана синтаксистик принциптердин негизинде топтоштурулат.

  1. Маанилик (семантикалык) принцип. Сөздөрдү түркүмдөргө бөлүштүрүүнүн өтө байыркы жана эң негизги принциби болгон бул принцип кыргыз тилиндеги сөздөрдү сөз түркүмдөргө бөлүштүрүүдө да башкы ролду ойнойт. Сөздөрдү жалпы категориялык грамматикалык маанилери боюнча топтоштуруу бул принциптин негизги мазмунун түзөт. Анткени жалпы категориялык маанилер сөздөрдүн лексикалык маанилерин абстракциялап, жалпылаштырып, аларды ошол категориялык маанилик окшоштук белгилери боюнча топтоштурат.  Мисалы,  жалпы  категориялык  заттык  маани  ар кандай нерселердин, жаныбарлардын, кишилердин, жер-суу обөектилеринин, асман телолорунун, буюмдардын, абстракттуу түшүнүктөрдун аттарын жалпылаштырып, аларды өзүнчө бир түркүмгө бириктирет. Ошентип, киши, жылкы, орок, жол, дарыя, казан, бакыт ж.б. сөздөрдүн чоң тобу лексикалык маанилери боюнча өз ара бири-биринен айырмаланарына карабастан зат атооч деген түркүмгө кирет. Анткени булардын бардыгы заттык маанини, заттын атын билдирет.

Ал эми жалпы категориялык кыймыл-аракет маанилери башка бир сөздөр тобун кыймылдоо, аракеттенүү, кандайдыр абалда болуу жана ар түрдүү кыймылдык процесстерди жалпылаштырып билдирип тургандыктары боюнча аларды өзүнчө башка бир түркүмгө, этиш деген түркүмгө бириктирип турат.

Сөздөрдө маанилик белгилери менен кошо сырткы турпатындагы ар кандай өзгөрүү өзгөчөлүктөрү да болот. Мына ошол бөтөнчөлүктөрү да аларды тиешелүү топторго бөлүштүрүүдө көмөкчү мааниге ээ. Ошондуктан сөздөрдү сөз түркүмдөрүнө ажыратып топтоштурууда дагы эки принцип (морфологиялык, синтаксистик) колдонулат.

  1. Морфологиялык принцип. Бул принцип сөздөрдү сөз түркөмдөрүнө бөлүштүрүүдө сөз өзгөртүү системасын жетекчиликке алат. Тагыраак айтканда, сөздөр жөндөмө, жак, таандык, чак, мамиле, ыңгай, даража, сан ж.б. граматикалык категориялар боюнча өзгөрүү же өзгөрбөө өзгөчүлүктөрүнө жараша түркүмдөргө бөлүнөт. Кайсы бир сөздөрдүн тигил же бул сөз түркүмүнө жатаарын маанилик принцип аныктай албаса, морфологиялык принцип жардамга келет. Мисалы, жаңы үй, жаңырган үй деген айкалыштарда жаңы, жаңырган деген сөздөрдүн экөө тең сапаттык белгини, касиетти билдирип турат. Жалпы категориялык маанилери боюнча алар бир топко, бир түркүмгө жатыш керек. Бирок, булардын морфологиялык түзүлүшүндө олуттуу айырмачылыктар бар. Биринчиси (жаңы) белгинин, касиеттин түрдүү даражаларын билгизе алат: жаңы үй, жаңыраак үй, эң жаңы үй, жапжаңы үй, ал эми экинчиси (жаңырган) белгинин, касиеттин мындай даражаларын көрсөтө албайт. Анан дагы жаңы уңгу түрүндө, ал эми жаңырган деген сөздө уңгудан башка да мүчөсү бар. Ошондуктан, жаңы сын атооч болот дагы, жаңырган этиштин атоочтук деп аталган туунду формасы болуп эсептелет. Сөздөр морфологиялык түзүлүшү боюнча сөз түркүмдөргө ажыратылды.
  1. Синтаксистик принцип. Бул принцип сөздөрдүн синтаксистик кызмат аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө, башкача айтканда, сүйлөмдө аткарган кызматына жараша сөз түркүмдөрүнө тактык, аныктык киргизет. Мисалы, зат атооч сөздөрдүн сөз айкашындагы, сүйлөмдөгү аткарган кызматтары этиш сөздөрдүн сөз айкашындагы жана сүйлөмдөгү аткарган кызматы менен дал келбейт. Кыскасы, бул принципте сөздөрдүн синтаксистик кызматы, башка сөздөр менен айкашуу мүмкүнчүлүгү, айкашкан сөздөрдүн өз ара  байланышуу жолдору (ээрчишүү, башкаруу, ыкташуу, таандык) жана сүйлөмдө алган орду көңүл чордонунда турган болот.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат