КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сырдык сөздөр›Сырдык сөздөр

Сырдык сөздөр

Ар кандай кырдаалдарда эрксизден эле айтылып кете турган адамдын ички сезимин, жаратылышка жана жаныбарларга болгон эрктик мамилелерин билдирген сөздөрдү сырдык сөздөр дейбиз. Мисалы: Аттиң ай, мындай коркунучтуу болобу? (А.Токомбаев) Эй, бул жанагы профессор турбайбы, ыя. (С.Станалиев) Ай, ата, ай! Ушуга да ушунча кайгырасызбы? (Т.Суванбеков).

Сырдык сөздөр сүйлөм тизмегинде, башкача айтканда, тилдин жандуу көрүнүшүндө көп жолугат. Айрыкча диалогдо, кишилер сүйлөшүп жаткан учурларда, бирдемени айтып жатканда арбын колдонулуп, биро алар сүйлөмгө боло алышпайт. Сырдык сөздөр сүйлөмгө  грамматикалык корккондук, чочугандык, өкүнгөндүк, кубангандык, кабатырлангандык, коркуткандык, чочуткандык өңдүү маанилерди кошумчалайт. Атайын тыныш белгилери менен ажыратылып жазылат.

Кыргыз тилиндеги сырдык сөздөрдүн бир тобу чыныгы сырдык сөздөр болот (ай, ой, ий, ох, ух, өх, эх, бах, төх, кокуй, чиркин, катыгүн, караңгүн, капырай, алдей, тсс, тек, чүшш, бөө, шүк, бали, ыя, чойт, өш, айдак, айт, кош, так, тек, хы, чагал, кыруу, кырой, пыш, тү-тү, түшө-түшө, бо, бөк, бөпү, кет, күш, чек-чек, өк, пө, соп, чөк, чиге, чү, чүчү ж.б.), башка бир тобу сүйлөмдөгү маанилерине жараша гана сырдык сөздөр (азамат, ата, апа, апей, мама, айланайын, кагылайын, садага болоюн, ботом ж.б.) болуп саналат. Бул акыркы топтогулар теги боюнча башка сөз түркүмдөрүнө жатат. Ар түрдүү кырдаалдарга жараша алар сырдык сөз болуп чыга келишет да, контексте гана аныкталат. Мисалы: Азамат, эл керегине жарайт деген ушул. (У.Абдукаимов) Апей, сен кайдан жетип келе калдың? (К.Каимов) Бизде аларга каршы сөз айтмак кайда, айланайын. (М.Гапаров)

Чыныгы сырдык сөздөр кайталанып, же созулуп айтылса, алар билдирген грамматикалык маанилер күчөтүлүп, кандайдыр башкача күчтүү сезим менен туюндурулат. Мисалы: Ай, бери бас! Буюруп бери карату мааниси айтылды. Ай, ай, бери бас! Буюруп бери карату мааниси  күчөтүлүп айтылды. Ий, таңоозунурайын! Кылгын ишин кара! Жек көрүп кыжырдануу мааниси айтылды. И-и-ий, таңоозунурайын! Кылгын ишин кара! Өкүнүп кыжырдануу мааниси айтылды.

Кайталанып, же созулуп айтылганда сырдык сөздөр грамматикалык башка мааниге да өтүп кетет. Мисалы: Ой, кайдан чыга калдың? Граммарикалык таңыркоо мааниси айтылды. Ой-ой-ой… - Эмне болду? Онтогон маани айтылды.

Сырдык сөздөрдүн маанилери модалдык маанилерге жакын болот. Терминдин өзү айтып тургандай, кишинин чочугандагы, корккондогу, кубангандагы, сүйүнгөндөгү, өкүнгөндөгү, таң калгандагы, таңыркагандагы ички сырлары ушул сырдык сөздөр аркылуу айтылат.

Сырдык сөздөр аркылуу объективдүү чындыкка, сырткы дүйнөгө карата алардын өздөрү аталбастан сүйлөөчүнүн өз көз карашы, өз мамилеси, ички сезими, жандүйнө сыры билдирилет. Кыргыз тилинде сырдык сөздөрдүн берген маанилери ар кандай болот. Аларды туюндурган маанилерине, айтылыш максаттарына карап үч топко бөлөбүз.

  1. Сезимдик сырдык сөздөр. Айлана-чөйрөгө, жашоо шарттарга карата кишинин ички сезимин билдирген сырдык сөздөр сезимдик сырдык сөздөр деп аталат. Мисалы: Биринчи басмачы. - Ой, комуз турбайбы? (Ж.Бөкөнбаев) Бул жерде ой деген сырдык сөз таап алган буюмга карата сүлөп жаткан кишинин таң калгандык ички сезимин билгизди. Сезимдик сырдык сөздөр төмөндөгүдөй маанилерде айтылат:
  • кубангандык, сүйүнгөндүк, колдогондук, ыраазы болгондук, маанилери: Пай, пай, пай! Канча дүкөндөрдү курдурду... (Т.Абдумомунов) Бах, чиркиндин таттусун айт! («Алатоо») Бахх, муз булактын суусу ай. (К.Акматов)
  • корккондук, чочугандык, жек көргөндүк маанилери: Кокуй!.. Кокуй... Жада калса, өзүм отура элек жапжаңы отургучту сындырдың, ээ! Кокуй, ай!!! (Т.Абдумомунов) Апий?! – чочугансып шап колун тартып алды. (К.Акматов) Капырай, кайдан чыга калдың эле! (Б.Усубалиев) Эй, калжыраган ырчы, сени атып эмне, иттерге жем кылмак беле. (Ж.Бөкөмбаев)
  • өкүнгөндүк, кайгыргандык, ачуулангандык маанилери: Молдо (башын чайкап): Эх, келесоо! Келесоо десе! (К.Тыныстанов) Упайна: Ой, анык бандит ошол  эмеспи, кокуй!.. Алдамчы, жулик! (Т.Абдумомунов) Эх! Эртерек келгениңде эмне? Асмандын нурунан куру калбадыңбы? (М.Макенбаев)
  • кубаттагандык, жактыргандык, мактагандык, канааттангандык маанилери: Айтам да, и-и, айтпай анан... («Кыргыз Туусу») Биздикилер утуп алды, ура-а! (М.Макенбаев) Охх… чырым эте түшүпмүн. (К.Акматов)
  • таң калгандык, боору ооругандык маанилери: Ой! Биерде белеңер? (М.Элебаев) Ай-ай-ай, абдан жаман болуптур... (Э.Турсунов) Айымхан таарынып жаткандыр, алда айланайын, Айымханым ай… (Ж.Бөкөмбаев) Ой, укмуш! – дейт кыз сандыктын ичиндеги көйнөктү колуна алып. (К.Акматов)
  • жактырбагандык, какшыктагандык, кабатырлангандык маанилери: - Кокуй, тамакчы? – Анан келем, кечигип калыптырмын. (Ж.Мавлянов) – Ии, эми сен дагы пайгамбар болоюн деп турасыңбы? (Ж.Бөкөмбаев) О кокуй десе, тааныйт окшойт. (Ж.Мавлянов)
  1. Эрктик сырдык сөздөр. Айлана-чөйрөгө, жашоо шарттарга карата кишинин эрктик мамилесин билдирген сырдык сөздөр эрктик сырдык сөздөрдеп аталат. Мисалы: Алдей, алдей, ак бөпөм, ак төшөккө жат, бөпөм. (Фольк.)

Эрктик сырдык сөздөр өз ара андан ары дагы эки топко бөлүнөт:

  • адамга карата колдонулган эрктик сырдык сөздөр: алдей, тсс, тек, чүшш, ай, бөө, шүк, бали, ыя ж.б. Мисалы: Чүшш, бириң да унчукпагыла! Тсс, угуп коңт. Сапардын келатканын көрсөтүп, терезени жаңсады. (Ж.Мавлянов) Оо, Текеш эр. Оо, Текеш алп! Чабышта кайтпас арка элең, алп! Мени жеке калтырба. (Т.Сыдыкбеков)
  • жаныбарларга карата колдонулуучу эрктик сырдык сөздөр: чойт, өш, айдак, айт, кош, так, тек, хы, чагал, кыруу, кырой, пыш, тү-тү, түшө-түшө, бо, бөк, бөпү, кет, күш, чек- чек, өк, пө, соп, чөк, чиге, чү, чүчү ж.б. Булар жаныбарларды чакыруу, токтотуу, бастыруу, айдоо, тукуруу, жоошутуу маанилерин билгизет. Мисалы: Тээтиги Карашорого чойт, эркечим, баштагын. Бөк-бөк, бөдөнөм, турумтайдан көрөгөн. (А.Осмонов) Айт, текечерим, адымда, айт! (К.Жантөшев)
  1. Турмуштук   сырдык  сөздөр.   Адамдардын   турмуш- тиричиликтеги ар кандай мамилелеринде колдонулуучу сырдык сөздөр турмуштук сырдык сөздөр деп аталат. Мисалы: -Асса- ломалейкум,         колдоочум, -       деп койдум мен            жылмайып. (К.Акматов) Иван: Ыракмат, бай, ыракмат. (К.Тыныстанов). Деги, ти темирлерди кантип көтөрүп жүрөсүң? (М.Макенбаев) Турмуштук     сырдык  сөздөр                       кишилердин ортосундагы учурашуу,   коштошуу,   сылыктык   маанай   билгизүү   сыяктуу мамилелерин көрсөтөт: ассаломалейкум, алейкумассалам, кош, кайыр, ыракмат, бали, илаппай, баракелде ж.б.

Сырдык сөздөр, негизи, өзгөрүлбөгөн сөз түркүмү болуп эсептелет. Бирок, алардын айрымдары башка сөз түркүмүнүн милдетин аткарып калганда өзгөрүүгө дуушар болот. Сырдык сөздөр кайсы сөз түркүмүнүн милдетин аткарган болсо, алар ошол сөз түркүмүнүн грамматикалык категориялары боюнча өзгөрө берет. Мисалы: Ыракматыңды анан айтасың, курдаш. (М.Макенбаев) «Ыракмат деген сөзүңдү» деп айткандын ордуна «Ыракматыңды» деп колдонулду.

Кокуюң менен жерге кир. (Н.Байтемиров) «Кокуй деп чочуганың» дегендин ордуна «кокуюң» деп айтылды.

Бул мисалдардагы сырдык сөздөр (ыракмат, кокуй) зат атоочтун милдетин аткарып жатат. Биринчиси жекелик санда экинчи жакка таандык табыш жөндөмөдө туруп, экинчиси жекелик санда экинчи жакка таандык болуп өзгөрүп келди. Мындан келди, сырдык сөздөрдүн айрымдарын  сын атоочтордой болуп затташат десек болот. Затташкан учурда, башкача айтканда, зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөргөндө алар сүйлөм мүчөсүнүн милдетин да аткара берет. Мисалы: Бах-х! Чиркиндин таттуусун айтпа. Бул жерде чиркин илик жөндөмөсүнүн мүчөсүн (-нын: чиркиндин) кабыл алып заттык мааниде келип, сүйлөмдүн аныктооч мүчөсүнүн милдетин аткарып турат.

Кээ бир сырдык сөздөр этиштин -ла куранды мүчөсүн кабыл алып, этиш сөз түркүмүнө да өтүп кетет. Мисалы: пай- пайла, алдейле, айдакта, кокуйла, чүчүлө, кыройло ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008, 13-§. СЫРДЫК СӨЗДӨР