Правила›Лексикология›Архаизм деген эмне
Архаизм деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Архаизм деген термин — гректин «arhomos» — байыркы, эски деген сөзүнөн алынган термин. Архаизмдер адепкиде башка сөздөр менен синонимдик катышта келет да, бара-бара пассивге айланып, акырындык менен колдонуудан чыга баштайт. Демек, историзмдерге караганда архаизмдердин маанилик башка бир сыңары, синонимдик катыштагы эквиваленти болот. Мисалы, кашкай — уятсыз, абийирсиз; санжап — ирет, тартип; мунаса — капа, бук; атпай — бүт, жалпы ж.б. Ошентип, өз ордун маанилеш башка бир сөзгө бошотуп берген, тилдин активдүү сөздүк составынан сүрүлө баштаган же биротоло чыккан сөздөр жана сөз айкалыштары архаизмдер деп аталат. Архаизм менен историзм сөздөр өздөрүнүн кепте колдонулушу боюнча чектелгендиги, б.а. , лексиканын пассивдүү катмарына айлангандыгы жагынан өз ара жалпылыкты түзөт. Бирок алар табияты, пайда болуу мүнөздөрүнө карата төмөнкүдөй өз ара айырмачылыкка да ээ: 1. Историзмде кандайдыр бир коомдук түзүлүштө, тарыхый окуяларда пайда болгон түшүнүктөр, нерселер башка бир коомдук түзүлүштө, доордо колдонуудан чыгып калат, демек, аны атаган сөз да колдонуудан чыгып, эскирген болот. Ал эми архаизмде сөздөрдүн өздөрү эскирип колдонуудан чыккан менен, аны атаган түшүнүк, нерсе эскирбестен жашай берет. 2. Историзмде сөздөрдүн атоолору экинчи бир башка сөз менен алмашпайт, ал эми архаизмде сөздөр экинчи бир сөзгө алмашкан болот. 3. Историзмдин пайда болушу коомдук факторго көбүрөөк байланыштуу болсо, архаизмдин пайда болушу чылгый тилдик ( б.а. , интра-лингвистикалык) факторлорго байланышат. Тилдеги сөздөрдүн эскирип колдонуудан чыгып калышы бир деңгээлде болбойт. Архаизмге бүтүндөй сөз, же анын айрым маанилери, же фонетикалык варианттары, же сөз жасоочу формалары өтүшү мүмкүн. Ошондуктан архаизмдерди лексикалык, семантикалык, лексика-фонетикалык, лексика-морфологиялык деген түрлөргө бөлүштүрүүгө болот.
Источник: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997