Правила›Фонетика›Орфоэпия деген эмне
Орфоэпия деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Ар бир жазмасы бар элдин адабий тилинин белгилүү деңгээлде калыптанып, оозеки кепте эреже катары таяна турган орфоэпиялык эрежелери болууга тийиш. Кыргыз адабий тили эки түрдүү – оозеки жана жазуу нормасында жашап жатат. Жазуу нормаларынын (түрүнүн), эрежелеринин өзөгүн орфография белгилесе, оозеки нормаларынын (түрүнүн) айтылышын орфоэпия белгилейт. Орфоэпия кыргыз адабий тилиндеги сөздөрдүн айтылыш номасын жөнгө салуучу нормативдүү акт жана адабий айтылыштын нормаларын аныктоочу эрежелердин жыйындысы, сөздөрдү туура айтуунун багыттамасы. Демек, орфоэпия - тилдин айтуу, сүйлөө маданиятын жогорку деңгээлге көтөрүү, коомдук пикир алышуунун ийкемдүү, жагымдуу болушуна шарт түзүү болуп саналат. Жазма кептеги башаламандык окууга, жазууга кандай кыйынчылык туудурса, оозеки кептеги ар түрдүүлүк өз ара пикир алышууда да ошончолук оордук алып келет, түшүнүүнү түйшөлтөт. Мына ошондон улам анын зор практикалык мааниси бар деп айтабыз жана орфоэпиялык нормалардын элге жетимдүү болушуна үн алгынын, сын алгынын, жыйындардын алдында кеп уруунун, театрларда, ЖОЖдордо, ООЖдордо, мектептерде сүйлөөнүн, лекция окуунун ролу зор. Демек, орфоэпиялык норма деп белгилүү орфоэпиялык эрежелердин негизинде сөздөрдү (бөтөнчө бир нече варианттуу сөздөрдү) адабий тилдин айтыш нормасынын алкагында сүйлөөнү түшүнөбүз. Орфоэпиялык эрежелердин жаралышы, калыптанышы менен түптөлүшү жана өркүндөшү кыргыз жазма адабий тилинин пайда болушу, анын угуттуу таасиринде пайда болгон. Мына ошондуктан кыргыз адабий түзүлүшүнө бардык кыргыз диалектилери менен говорлору бирдей даражада катышып, алар үчүн мүнөздүү орток белгилер уютку болгон. Адабий тилдин өзөктүү бөтөнчөлүгүү – анын нормага салынгандыгында. Демек, адабий тилдин номасы катары орфоэпия аны менен кошо калыптанат. Кыргыз адабий тилинде сүйлөө жалпы кыргыз элинин оозеки сүйлөшүү нормасына туура келүү менен түндүк, түштүк-чыгыш жана түштүк-батыш диалектилеринен айырмаланып, жалпы элдик тилдин нормасын чагылдырып турат. Кыргыз орфоэпиясынын эрежелеринин, нормаларынын иштелип чыгышында негизги үч жагдайды эсепке алыш керек: I. Орфография менен байланышкан жагдай. II. Диалектилик жагдай. III. Орус тилинен кабыл алынган сөздөргө байланыштуу жагдай. I. ОРФОГРАФИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖАГДАЙ Кыргыз тилиндеги бардык эле тыбыштык кубулуштарды орфография чагылдырыла бербегендиктен жана орфоэпиялык эрежелерге элдик тилде кеңири тараган тыбыштык өзгөрүүлөр негиз, таяныч, доминант кылып алынгандыктан, сөздөрдүн айтылышы менен жазылышы боюнча дал келген, дал келбеген учурлар жолуккандыктан, дагы башка бүгүнкү кездеги тыбыштык кубулуштар орфоэпиялык эрежелердин мазмунун түзөт да, мындай эрежелер үнсүз жана үндүү тыбыштар боюнча 2 топко ажыратылат. Үнсүз тыбыштарга байланыштуу айтылыштар
Бул жерде үнсүз тыбыштардын окшошуусу, башкача айтканда, алардын жасалыш ордуна, ыгына жана үн менен шыбыштын катышына, ошондой эле алган орду менен комбинаторлук өзгөрүшүнө карай болгон комплекстүү өзгөрүү эсепке алынат. Ушул жалпы, биргелешкен тыбыштык комплексттик принципти эсепке алганда алар төмөндөгүчө болуп каралат: 1. Каткалаңдашуу Биринчи сөз каткалаң үнсүз [п, т, ш, к] тыбыштары менен аяктап, андан кийин келген экинчи сөз [б] тыбышы менен башталса, ошол [б] өзүнүн түгөйүнө - [п] тыбышына өтүп айтылат. Мисалы: айтылышы: топ пер, таш полот, бат пер, жат полот, кат перет, көк пөрү, ак паш; жазылышы: топ бер, таш болот, бат бер, жат болот, кат берет, көк бөрү, ак баш. Сөз ичинде же жанаша айтылган сөздөрдө жумшак [з] тыбышынан кийин келген каткалаң [с, т, ч] тыбыштары келсе, [з] тыбышы каткалаң [с] тыбышына өтөт. Мисалы: айтылышы: туссус, сөс сура, сөс тап, кас таман, комусчу, касчы; жазылышы: тузсуз, сөз сура, сөз тап, каз таман, комузча, казчы. 2. Жумшаруу Сөз ичинде жанаша айтылган сөздөрдө үндүү же уяң [й, л, р] тыбыштарынан кийин эрин-эринчил [б] тыбышы жумшарып, кош эринчил [v] тыбыш түспөлдөнүп айтылат. Мисалдар: айтылышы: жиvек, таvак, саvак, келеvис, коноvус; жазылышы: жибек, табак, сабак, келебиз, конобуз, айтылышы: айvан, койvо; малvы, жалvы; шарvы, шорvу; жазылышы: айбан, койбо; малбы, жалбы; шарбы, шорбу. Эки үндүүнүн ортосуна келгенде (жанаша келген сөздөрдүн биринчиси [к] тыбышы менен аяктап, экинчиси үндүү менен башталса), биринчи сөз [к] тыбышы менен аяктап, кийинки сөз уяң же жумшак үнсүз менен аяктаса, [к] тыбышы жумшарат (v+к+v→v+г+v; к+уяң→г+уяң; к+жумшак үнсүз→г+жумшак үнсүз). Мисалдар: айтылышы: кара гыз, келе гет, жолуга гайт; жазылышы: кара кыз, келе кет, жолуга кайт. айтылышы: сурай гет, дал гелди, шаар гөркү; жазылышы: сурай кет, дал келди, шаар көркү, айтылышы: аг жол, көг жоолук; жазылышы: ак жол, көк жоолук. 3. Эриндешүү.
Уччул [н] тыбышынан кийин кош эринчил [б, м] тыбыштары жанаша келсе, [н] тыбышына өтүп айтылат (м←н+б; м←н+м). Мисалдар: айтылышы: намбы, ом бир, том болот, караам бол; жазылышы: нанбы, он бир, тон болот, караан бол. 4. Көмөкөйлөшүү. Сөз ичинде же жанаша келген сөздөрдө уччул [н] тыбышынан кийин [г, к] тыбыштары келсе, [н] тыбышы [ң] тыбышына өтүп айтылат (г+н→ң, к+н→ң). Мисалдар: айтылышы: түңкү, каң какшады, туңгуч, кийиңки, астыңкы; жазылышы: түнкү, кан какшады, тунгуч, кийинки, астынкы. 5. Диссимиляцияланышуу Сөздөрдө же жанаша келген сөздөрдө [ч] тыбышынан кийин [с, ч, т] тыбыштарынын бири катары келсе, [ч] тыбышы [ш] тыбышына өтөт (ч+ч→шс, ч+ч→шч, чт→шт). Мисалдар: айтылышы: чач+са=чашса, жыгач+чы=жыгашчы, кач+ты=кашты; жазылышы: чач+са=чачса, жыгач+чы=жыгаччы, кач+ты=качты. Үндүү тыбыштарга байланыштуу айтылыштар 1. Көбүнчө үч муундуу сөздөргө басым түшпөгөн экинчи муундагы редукцияланган кууш үндүүлөр түшүрүлүп айтылат. Мисалы: айтылышы: топрак, кеңри, кичнекей; жазылышы: топурак, кеңири, кичинекей. 2. Жанаша келген сөздөрдө биринчиси үндүү менен аяктап, экинчи сөз да үндүү менен башталса, биринчи сөздүн аягындагы үндүү түшүп айтылат. Мисалы: айтылышы: кар ала, сар тору, кел элек; жазылышы: кара ала, сары тору, келе элек. 3. Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси созулма үндүү менен аяктап, экинчиси кыска үндүү менен башталса, созулма үндүү кыска болуп айтылат. Мисалы: айтылышы: тоолу аймак, Сулуу-Маймак, жо келет; жазылышы: тоолуу аймак, Суулуу-Маймак, жоо келет. II. ДИАЛЕКТИЛИК ЖАГДАЙ Адабий тил элдик тилдин базасында түзүлгөндүктөн жана жергиликтүү тилдик өзгөчөлүктөр элдик тилдин байлыктарынан болуп саналгандыктан, орфоэпиялык эрежелерди, нормаларды калыптандырууда, орфоэпиялык сөздүктү түзүүдө төмөндөгүдөй жагдай эске алынууга тийиш.
1. Диалектилерде сөз башында [н] тыбышынын (Ысык-Көл говорунда: айза – ад.т. найза, ооруз – ад.т. нооруз), сөз ортосунда [л] тыбышынын түштүк говорлордо (абайт – ад.т. албайт, кабайт – ад.т. калбайт) түшүп калып айтылышына жол бербөө. 2. Тыбыштардын ар кандай позицияда алмашып, мисалы, [с-з] тыбыштары боюнча, түндүк говорлордо: кысыл – ад.т. кызыл; [г-к] тыбыштары боюнча түштүк говорлордо: гилем – ад.т. килем; ошондой эле адабий тилдеги [а] тыбышынын ордуна [о] тыбышынын ад.т. ал – түштүк говорлордо ол болуп айтылышына жол бербөө.
Источник: «Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы», 2013