КыргызчаРусский

Эрежелер›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне›Аныктооч деген эмне

Аныктооч деген эмне

Аныктооч – сүйлөмдүн айкындооч мүчөлөрүнүн бири. Сүйлөмдө зат менен байланышып, анын ар кандай белгисин (сынсыпатын, сан-иретин, мүнөзүн ж.б.) билдирет. Кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Анын кара чачы жел менен кошо желбиреп турду. Кандай чачы? – кара – аныктооч – заттын өңү-түсү.

Аныктооч аныкталуучу сөздөн мурда келип, аны менен таандык байланыш жана ыкташуу жолдору аркылуу байланышат. Мисалы: Акылмандын акылынын пайдасын эл көрөт. Кимдин акылы? – акылмандын – аныктооч, илик жөндөмөдө; ал таандык мүчө (-ы) уланган акылы деген сөз менен таандык байланышта байланышты.

Аныктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат:

Зат атооч: Тилдин кулпусу – тиш.

Сын атооч: Ал шайыр адам эле.

Сан атооч: Эки катар таш койдум, кызыл өгүздү бош койдум.

Ат атооч: Булардын эмгеги ак – алгандары аш болсун.

Атоочтук: Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

Грамматикалык түзүлүшү боюнча аныктооч жөнөкөй жана тутумдаш болот. Жөнөкөй аныктооч бир сөздөн турса, ал эми тутумдаш аныктооч бир нече сөздүн тизмегинен түзүлөт. Мисалы: Булактын суусу суусунуңду кандырат. Өтө шайыр мүнөз бардыгына жарашат. Аныктоочтор: эмненин? – булактын (жөнөкөй); кандай мүнөз? – өтө шайыр (тутумдаш).

Тутумдаш аныктооч төмөнкүдөй сөздөрдүн тизмегинен түзүлөт:

а) Маани берүүчү сөздөрдөн: Алыстан келаткан адамдардын үндөрү угулду. Кайсы адамдардын? – алыстан келаткан – тутумдаш аныктооч.

б) Маани берүүчү жана кызматчы сөздөрдөн: Биз сиз сыяктуу адамдардан тарбия алганбыз. Ким сыяктуу адамдардан? – сиз сыяктуу – тутумдаш аныктооч.

в) туруктуу сөз тизмегинен жана атоочтук түрмөктөн: Ак төөнүн карды жарылган мезгил. Кайсы мезгил? – ак төөнүн карды жарылган – тутумдаш аныктоо. (фразеология) Жайбаракат басып келе жаткан Акман чоң короого бурулду. Кайсы Акман? - жайбаракат басып келе жаткан – тутумдаш аныктооч, атоочтук түрмөк.

Булагы: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010

Негизги эреже: Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне