КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Зат атооч

Зат атооч

Заттардын, буюмдардын, жан-жаныбарлардын, абстракттуу тушүнүктөрдүн, ар кандай көрүнүштөрдүн, кубулуштардын аттарын билдирип, ким? жана эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөр зат атоочтор деп аталат. Мисалы: тоо, топурак, күмүш, үй, кийиз, кол, бут, кийик, аюу, бөдөнө, кумурска, жүрүш, мелдеш, сүйүү, чагылган, козголоң, мөндүр, шамал ж.б.

Зат атооч атооч сөз түркүмдөрүнүн ичинен эң негизгиси. Кыргыз тилинин сөздүк корунун да басымдуу бөлүгүн зат атооч сөздөр       түзөт.     Зат      атоочтун         башка       сөз      түркүмдөрүнөн айырмаланып, өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөрү бар:

  1. Ар кандай нерселердин, жандуу жана жансыз заттардын, түрдүү түшүнүктөрдүн аталыштарын билдирип, заттык маанини туюндурат.
  2. Өзүнө тиешелүү сөз өзгөртүү системасына ээ, башкача айтканда, анын зат атоочко гана тиешелүү болгон жөндөмө, таандык категориялары бар. Зат атоочтор мындан тышкары сан жана жак категориялары боюнча да өзгөрөт. Зат атоочтун сан жана жак категориялары менен өзгөрүшү сүйлөм ичиндеги башка сөздөрдүн таасиринен келип чыкпастан, заттардын өздөрүнүн эсебинен жана тигил же бул жакка эгедер экендигинен улам пайда болот.
  3. Өзүнө гана тиешелүү, башкача айтканда, зат атоочторду жасоочу куранды мүчөлөрү бар. Мисалы:

-чы: малчы, айдоочу, жазуучу, шыбакчы;

-ма: керме, түймө, сүзмө, сайма;

-ым: басым, билим, келишим, чечим ж.б.

  1. Башка сөздөр менен синтаксистик байланышка түшпөстөн туруп, каратма сөз да боло алат. Мисалы: – Ханым, сакалдуу десеңиз мында теке турат, теке менен сүйлөшүңүз, – деп элчи бала текени агыта берди. (Жомок).
  2. Жеке өзүнчө туруп, кандайдыр тыянактуу ойду туюндуруп, атама сүйлөм да боло алат. Мисалы: Түн... Асман ачык... Мончоктой тизилип көк деңизинде сүзүп жүргөн сансыз жылдыздар бири-бирине ым кагышып жымыңдашат. (К.Баялинов).
  3. Сүйлөмдө эч бир сөзгө багынбай келгенде ээлик милдетти аткарып, баяндоочту өз ыгына карай ээрчитет. Мисалы: Өз ара маектеше жумушчулар иштеп  жатышкан эле. (Т.Сыдыкбеков).
  4. Сүйлөмдө башка сөздөр менен байланышып, багыныңкы абалда келгенде сүйлөмдүн башка мүчөлөрүнүн милдетин  да аткарат. Мисалы: Анын колу баласына жетпей калды. (Б.Усубалиев). Көрсө, биз ал анын сырын таятамдан сурабай калыппыз. (Д.Сулайманов).
  5. Зат атоочтор энчилүү аттар болуп айтылышка да жөндөмдүү. Мисалы: седеп, Седеп – кыздын аты; кабыл, Кабыл – баланын аты; акыл, Акыл, Акылбек, Акылай – энчилүү аттар.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат