КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Зат атоочтордун лексика-тематикалык топтору

Зат атоочтордун лексика-тематикалык топтору

Зат атооч сөздөр берген жалпы категориялык грамматикалык маанилерине карай лексика-тематикалык бир нече топтордон турат. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

  1. Кишинин аты-жөнү, башкача айтканда, аты, атысмы, бүлөаты (фамилиясы)жана туугандык аталыштары: Айгүл, Чолпон, Калыбек, Эрмек, Асанов, Айтмамбетова, Сапар кызы, Адыл уулу, ага, эже, бала, чоңата, жезде, жеңе, апа ж.б.
  2. Айбандардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын жана сууда жашаган жаныбарлардын аттары: арыстан, суур, момолой, чымын, чиркей, аары, кекилик, ителги,  улар, жагалмай, бака, балык, жылан, жылкы, уй, топоз ж.б.
  3. Адамдын жана жаныбарлардын дене түзүлүшүнүн аттары: баш, бут, бел, кол, далы, манжа, чыканак, ашык, шыйрак, кулак, мээ, арка, омуртка, жамбаш, куйрук, канат, согончок, өпкө, боор, жүрөк, мүйүз, тизе, туяк, ичеги ж.б.
  4. Дарак, бадал, өсүмдүктөрдүн жана жашылча- жемиштердин аттары: арпа, буудай, сулу, таруу, кызылча, арча, карагай, кайың, тал, терек, четин, алма, өрүк, жаңгак, бетеге, эрмен, жоогазын, кызылча, пахта, тамеки, табылгы,  ыргай ж.б.
  5. Металл, металл эмес заттардын аттары: алтын, күмүш, коргошун, жез, кычкылтек, суутек, коло, темир, болот, нефть, газ, натрий, калий, фосфор, гелий ж.б.
  6. Буюмдардын, эмгек куралдарынын, машинелердин жана алардын тетиктеринин аттары: араа, автомат, автомобиль, казан, табак, чака, чыны, бычак, жууркан, килем, кийиз, ээр, найза, соку, трактор, самолет, пароход, троллейбус, дөңгөлөк, поршень, затвор, сүмбө, сеп, болт, гайка, шайба, педал, күлүч, дамкрат, керки, күрөк, балка ж.б.
  7. Тамак-аш, азык заттардын аттары: айран, нан, чай, май, каймак, эт, палоо, сорпо, дымдама, чучук, казы,  карта, боорсок, кесме, бал, кант, момпосуй, шоколад, торт ж.б.
  8. Илим, билим, чыгармалардын, гезит-журналдардын аттары: адабият,биология, зоология, химия, физика, математика, экология, дене тарбия, фармакология, «Манас», «Курманбек»,  «Келкел»,  «Саманчынын          жолу»,    «Эсимде», «Эркинтоо», «Кыргыз Туусу» ж.б.
  9. Мезгил-ченем аталыштары: жаз, күз, кыш, жай, жыл, кылым, түш, бешим, шашке, ишемби, жекшемби, күн, түн, мөөнөт, түгөл, кеч, таң, куптан ж.б.
  10. Географиялык жана астрономиялык обөектилердин аттары: Баткен, Бишкек, Суусамыр, Каракол, шаар, кыштак, ашуу, кыр, деңиз, ойдуң, көл, үркөр, Жетиген, Көнөк, Тараза, Болгария, Татарстан, Украина ж.б.
  11. Жаратылыш кубулуштарынын аттары: жамгыр, бороон, шамал, куюн, мөндүр, бурганак, керимсел, добул, чагылган, туман, кар, жел, сел ж.б.
  12. Коомдук көрүнүштөрдүн, окуялардын, мекемелердин, уюмдардын ж.б. аттары: майрам, айт, той, аш, конференция, митинг, репрессия, мектеп, университет, китепкана, музей, театр, Кыргыз улуттук университети, Кыргыз техникалык университети, акционердик коом ж.б.
  13. Абстракттуу түшүнүктөрдүн, сапаттын, белгилердин аттары: бакыт, таалай, ырыс, кут, баам, ырым, ой, акыл, эс, мүнөз, уйку, кыял, элес, муң, сулуулук, жакшылык, жалкоолук, кубаныч, сүйүнүч, ырыскы, тартип ж.б.
  14. Кыймыл-аракет аттары: жүрүш, күрөш, ойлоо, туюу, сезүү, басым, согуш, чыгым, чалгын, секирүү, жолугушуу, узатуу, айтыш ж.б.

 

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Зат атоочтордун лексика-тематикалык топтору