КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Тубаса жана туунду зат атоочтор

Тубаса жана туунду зат атоочтор

Зат атооч сөздөр морфологиялык түзүлүшүнө карай тубаса жана туунду болуп экиге бөлүнөт.

Андан ары мүчөлөргө (морфемаларга) ажыратууга мүмкүн болбогон зат атооч сөздөр тубаса зат атоочтор деп аталат. Мисалы: кол, баш, апа, китеп, тегирмен, Адыл, Сайкал, Суусамыр ж.б. Мындай зат атоочтор андан ары мүчөлөнбөйт.

Туунду уңгу же бириккен уңгулардан турган зат атоочтор туунду зат атооч деп аталат. Булар курандылар аркылуу же уңгу бирикмелери менен жасалган зат атооч сөздөр болуп эсептелет. Мисалы: окуучу, койчу, чалгы, орок, оймок, келин, эгин, куурдак, басым, кийим, таята, кайнага, аткулак, ашказан, сүттикен, Каракол, Тогузбулак, Апсамат, Мураталы ж.б.

Туунду зат атоочтор куранды мүчөлөрдүн жардамы менен же уңгу бирикмелери аркылуу жасалат дедик. Айрым энчилүү аттардын тутумунда да  куранды мүчөлөр болот. Мисалы: Карагаты, Алматы,  Долоноту,  Чырпыкты, Жошолу деген сөздөр -луу (байыркы -лы > -ты) курандысы менен, Көңдүк, Жиптик -лык курандысы менен, Жолчу, Жоочу, Тойчу -чы курандысы менен, Алгыр, Өткүр -кыр курандысы менен жасалган. Ал эми быйыл, таята, байке, чоңата, бешбармак, ашказан, ташбака, бала-чака, үй-бүлө, тогузкоргол, улактартыш, Арчатору, Кубанычбек, Кызылүңкүр, Аларча өңдүү туунду зат атоочтор уңгу бирикмелеринен турат.

Уңгу бирикмалеринен турган энчилүү аттар абдан көп: Алыкул, Айтмамбет, Айымкан, Жумакан, Таттыбүбү, Сыдыкбек, Мукамбеткалый, Турсуналы, Кумтөр, Аксай, Чоңсарой, Жаңарык, Каралма, Кумарык, Каралма, Карой, Карабалта, Ташкөмүр, Көгжаңгак, Каракече, Төөашуу, Бээсыйбас, Тайбуурул, Алгара, Сарала ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Тубаса жана туунду зат атоочтор