КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Жөнөкөй жана татаал зат атоочтор

Жөнөкөй жана татаал зат атоочтор

Тутумуна карай (составына карай) зат атооч сөздөр жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй  зат атоочтор бир эле уңгудан туруп, өз алдынча толук лексикалык маани берет. Мисалы: кымыз, айран,  шаар,  тоо,  бакыт, мөндүр, канат, жагалмай, ж.б.

Татаал зат атоочтор эки же андан көп уңгудан туруп, лексикалык толук бир гана маани билдирет. Мисалы: оозеки, байке, ташбака, бешбармак, ашказан, бала-бакыра, кыз- кыркын, келин-кесек,  улактартыш, тогузкоргол, Арчатору, Бөрүбасар, Каракулжа, Салкынтөр, Адамкалый, Сурабалды ж.б.

Жөнөкөй зат атоочтор да, татаал зат атоочтор да сүйлөмдүн бир гана мүчөсүнүн милдетин аткарат. Мисалы: Баягы «Жолборс терисин кийген баатырды» которуп жүргөнүмдө ден соолугум азыркыга караганда кыйла мыкты экен, - деди. (К. Сактанов). Мындагы «Жолборс терисин кийген баатырды» деген татаал зат атооч толуктоочтун, ал эми ден соолугум деген татаал зат атооч ээнин милдетин аткарды.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жөнөкөй жана татаал зат атоочтор