КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Сан атооч

Сан атооч

Заттардын, буюмдардын, кубулуштардын санын, эсебин, иретин, катарын билдирген сөздөрдү сан атооч дейбиз. Сан атоочтор канча? нече? канчанчы? неченчи? деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Ушул жерде биз төрт киши болуп уйларды бир бөлөк, музоолорду бир бөлөк килып имерип турабыз. (М. Элебаев) Сага айткандарым башымдан өткөндөрдүн жүздөн, балким миңден бири болор дебедимби жана. (Т. Сыдыкбеков) Отуз сегизинчи жылдын аяк чени айрыкча оор болуп турду. (К. Сактанов).

Сан атооч сөздөрдүн лексикалык маанилери абстракттуу болот. Мисалы: беш, он, жети, төртүнчү, үчөө, үчтөн эки, беш-алты деген сан атоочтордо конкреттүу маани жок. Анткени алар кандайдыр бир нерсенин санын, иретин, эсебин билдирип турат. Кайсы нерсенин саны, эмненин эсеби экени белгисиз. Адатта сан атоочтор ошол өзүлөрү санын, эсебин, иретин, катарын билдирген нерсе менен бирге айтылат да конкреттүүлүк мааниге ээ болот. Мисалы: беш алма, алты кыз, беш-алты киши, төртүнчү курс ж.б. Аныкталган зат атоочтор аркылуу сан атооч сөздөрдүн абстракттуу маанилери такталды, башкача айтканда, лексикалык маанилер конкреттүү болду.

Кыргыз тилинде сандык түшүнүктү билдирген жуп, кош, эгиз, сыңар, жалкы, жарым, жарты, чейрек деген сыяктуу сөздөр да бар. Булар чыныгы сан атоочтордой болуп бардык эле заттар, буюмдар, түшүнүктөр менен айкаша бербейт. Анткени, булар белгилүү сан (эсеп) маанилерин туюндурат:

жуп деген сөз эки, төрт, алты, сегиз … бир жүз эки, бир жүз төрт … өңдүү сандарды билдирет;

кош деген сөз эки, экөө, эки-экиден топтошкондордун (бараткандардын) ар бирин билдирет;

эгиз деген сөз эки, экөө,(жуп) сандарды билдирет;

сыңар деген сөздө бир, бирөө, жалгыз, жалкы маанилери бар; бар;

жалкы деген сөздө бир, бирөө, жалгыз, сыңар маанилери

жарым  деген  сөздө  бирдин  тең  экиге бөлүнгөн бөлүктөрүнүн бири деген маани бар;

жарты деген сөздө бирдин тең экиге бөлүнгөн бөлүктөрүнүн бири деген маани бар;

чейрек деген сөздө бирдин төрткө бөлүнгөн бөлүктөрүнүн бири деген маани бар.

Бул сөздөр өзүлөрүнө тиешелүү сөздөр менен гана айкашып келип, алардын сандык, эсептик касиеттерин билдирет. Мисалы: жарым сом, жарты коон, эгиз козу, жуп коргол, кош жылдыз, сыңар эмчек, жалкы төл, чейрек кылым. Ал эми өз алдынча колдонулганда аларда заттык атоо мааниси басымдуулук кылат: Жармы жалган, жармы чын. Жакшылардын көөнү үчүн. («Манас») Абыл биринчи чейректи жалаң беш менен аяктады. («Ала Тоо»).

Сан аточ сөздөр сан атоочтук мааниде турганда өзгөрбөйт. Сан атооч сөздөр заттык мааниге өткөндө, башкача айтканда, өзүлөрү санын, эсебин, иретин же катарын билдирген атооч сөздөр сүйлөмдө түшүрүлуп айтылганда гана сөз өзгөртүү кубулушуна дуушар болот. Мындай учурда  сан атооч сөздөр ошол түшүп калган заттын, нерсенин же башка түшүнүктүн лексикалык жана грамматикалык маанилерин өзүнө кабыл алат, затташат. Натыйжада сүйлөмдө түшүрүлүп калган зат, нерсе, буюм же кандайдыр түшүнүк кандай  грамматикалык формаларда айтылууга жөндөмдүү болсо, анын ордуна колдонулган сан атооч да ошондой формаларда өзгөрүп айтылууга жөндөмдүү болот. Мисалы: Он отузга берет, отуз жалманга тапшырат, жалман жардан нары ашырат. (Табышмак) Быйыл тупатуура кырк сегизге чыкты. («Ала Тоо») Менин бешим кыпкызыл. (М.Жангазиев).

Сан атоочтор башка сөздөрдөн жасалбайт. Ошондой эле башка сөз түркүмдөрүнүн жасалышына да база болуп кызмат аткарбайт. Кээ бир учурда гана башка сөз түркүмдөрү айрым сан атоочтордон жасалышы мүмкүн: үчүлүк, жетилик, бешилик, үчилтик. Мындай учурда ошол башка сөз түркүмүнө өтүп кеткен сөздө сандык маани кошо болот.

 

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат