Эрежелер›Морфология›Кыймыл атоочтор›Кыймыл атоочтун уюшулушу
Кыймыл атоочтун уюшулушу
Кыймыл атоочтор этиштин туунду формалары болуп эсептелет. Ошондуктан аларды уюштурган атайын грамматикалык каражаттар бар.
-оо (-уу) мүчөсү.
Кыймыл атоочтун ушул мүчөсү эң өнүмдүү мүчө болуп эсептелет. Кыймыл-аракетти же ал-абалды атайт. Мисалы: Ушул бир-эки жылдан бери кыргыз жерине кытай, дунгандар келип, элге апийим айдоо жайылган. (М.Элебаев).
Жатыш жөндөмөсүндө туруп (-оодо, -ууда) жөнөкөй учур чакты уюштурат (караңыз: учур чак).
-оо (-уу) мүчөсүнүн зат атооч жасоочу -оо (-уу) мүчөсү менен түпкү теги бир. Кыргыз тилиндеги толгоо, аштоо, курчоо, бүлөө, жайлоо, сүйүү, чийүү, ойлоо, байкоо, окуу деген сыяктуу зат атоочтор кыймыл атоочтордон затташып келип чыккан.
-ыш мүчөсү.
Бул мүчө да өнүмдүү мүчө болуп саналат. Кыймыл- аракеттин же ал-абалдын атын билдирет. Мисалы: Бир карашың бир сезимди тирилтип, бир карашың бир сезимди өлтүрөт. (К.Сабыров) Бир көргөн - билиш, эки көргөн - тааныш. (Макал).
Кээде жатыш жөндөмөдө туруп учур чак маанисин берет. Мисалы: Былтыртан бери окуштамын.
Затташып кетип, биротоло зат атоочко өткөн кыймыл атооч сөздөр бир топ арбын: күрөш, согуш, айтыш, (күн) чыгыш, (күн) батыш, көтөрүлүш, утуш, талаш-тартыш, алыш-бериш ж.б.
-мак мүчөсү.
Бул мүчө анча өнүмдүү эмес. Кыймыл-аракеттин атын каалоо, тилек маанилер менен кошо айтат. Мисалы: Эми эле этти чыгармак болуп жатканда Карпык мага карай буйрук этип калды. (М.Элебаев) Найза саймак эрдиктен, ат жоорутмак тердиктен. (Макал). Кыймыл атоочтун бул мүчөсүнүн -максан болуп айтылыш формасы да бар. Мисалы: Токтогул укса да укмаксан болуп ырдай берди. (Ж.Бөкөмбаев)
-май мүчөсү.
Адат болгон, же салт болгон кыймыл-аракеттин атын атайт. Мисалы: Сур булуттун чөмүлүп кучагына, өрткө айланбай тымызын өчмөй болду. (К.Сариева) Алмайдын бермейи бар. (Макал).
Кыймыл атоочтордун зат атоочтун категориялары боюнча өзгөрө бериши, башкача айтканда, таандык болуп айтылышы, жөндөлүшү жана жакталышы зат атоочтор кандай болсо, ошондой болуп ишке аша берет. Анткени, кыймыл атоочтор өзгөргөн учурда алардын заттык белгилери даана байкалат.
Таандык болуп айтылыштар:
| 1 | Күрөшүм | Күрөшүбүз |
| 2 | Күрөшүң Күрөшүңүз | Күрөшүңөр Күрөшүнүздөр |
| 3 | Күрөшү | Күрөшү |
Жалпы таандыкта да өзгөрө берет: уруштуку, окуунуку, сүйүүнүкү, тааныштыкы ж.б.
Жөндөлүштө
|
| Жекелик | Көптүк |
| А | Айдоо | Айдоолор |
| И | Айдоонун | Айдоолордун |
| Б | Айдоого | Айдоолорго |
| Т | Айдоону | Айдоолорду |
| Ж | Айдоодо | Айдоолордо |
| Ч | Айдоодон | Айдоолордон |
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Кыймыл атоочтун уюшулушу