КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Сын атооч

Сын атооч

Заттардын, буюмдардын, нерселердин ар түрдүү заттык түшүнүктөрдүн сын-сыпатын, өңү-түсүн, даамын, тулкусун, кебетесин, көлөмүн, ченемин же башка белгилерин көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөрдү сын атооч дейбиз. Мисалы: Оромол салган башы - алтын, олоңдой кара чачы - алтын. (Барпы) 1286-жылы Хайду хан Монголияга чоң жортуул жасаган. (Кыргыздар. 1. 227-б.) Байкасам, байым түш көрдүм, башкача сонун иш көрдүм. («Манас»).

Сын атоочтор лексика-грамматикалык маанилери жагынан да, морфологиялык курулуш өзгөчөлүгү, башкача айтканда, сөз өзгөртүү, сөз жасоо жагынан да, сүйлөмдөгү синтаксистик кызматы жагынан да өзүнө тиешелүү белгилери бар сөз топтору болуп эсептелет.

Сын атоочтор накта сын атоочтук мааниде туруп, эч бир өзгөрбөстөн зат атооч сөздөргө айкаша келет да алардын түрдүү касиеттерин, сын-сыпат белгилерин көрсөтөт. Дайыма зат атооч сөздөр аныкталгыч болуп, сын атооч сөздөр алардын тигил же бул касиетин, сыпатын аныктагыч болуп келет. Мисалы: Эски үлгүдө жасалган оор үстөл, калың айнек үстөлдүн бетинде. (М. Макенбаев) Бул жерде эски, оор, калың деген сын атоочтор үлгү, үстөл, айнек деген зат атооч сөздөр менен айкаша келип, алардын тиешелүү касиеттерин аныктады. Ал эми зат атоочтор аныкталгычтар болуп турат.

Сын атоочторду өзүнчө сөз түркүмү катары көрсөтүп, башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалап турган төмөнкүдөй мүнөздүү белгилери бар:

  1. Сын атооч сөздөр заттагы, буюмдагы, нерседеги, ар түрдүү заттык түшүнүктөгү сапаттын, касиеттин, белгинин аз же көп, күчтүү же начар, чоң же кичине экенин билдирген даража категориясы боюнча өзгөрөт: көк, көгүш, көгүрөөк, көпкөк, көкмөк, көгүлтүр, өтө көк; кызыл, кызылыраак, кызгылт, кызгыч, кызгылтым,  өтө кызыл, кыпкызыл; кара, карамтыл, карараак, каралжын, чым кара, капкара; сонун, сонунураак, сопсонун, сонун-сонун, эң сонун; эттүү, эттүүрөөк; акылсыз, акылсызыраак, өтө акылсыз, өтө эле акылсыз, акылсыздын акылсызы ж.б.
  2. Сын атоочтун өзүнө гана тиешелүү куранды (сөз жасоочу) мүчөлөрү бар. Мисалы: -луу: ойлуу, билимдүү, келбеттүү, кылкандуу; -сыз: күчсүз, пайдасыз, адилетсиз, малсыз, китепсиз, кантсыз; -дай: суудай, оттой, тоодой, жыландай, Чубактай; -гыч: сезгич, ташыгыч, билгич, тапкыч, көрөгөч ж.б.
  3. Накта өз маанисинде турганда сын атоочко сан, жөндөмө, жак жана таандык категориялар мүнөздүү эмес, башкача айтканда, накта сын атооч маанисинде колдонулган учурда сын атооч сөздөр таптакыр өзгөрбөйт.
  4. Сүйлөмдө сын атооч сөздөр көбүнчө аныктоочтун милдетин аткарат: Жалындуу жаштардын колунан  баары келет. Кээде баяндоочтун милдетин да аткарат: Бешенең чолпон жангандай, беш үркөр чыга калгандай; Биз эски, балдар жаңы, шаар жаңы. (А. Осмонов) Этиштер менен айкашып келип, кээде бышыктоочтун милдетин да аткарат: Таалайга дилгир элимдин, тарыхын кенен жазбасам. (А. Токомбаев).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат