КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Сан атоочтун жасалышы

Сан атоочтун жасалышы

Сан атооч сөздөр морфологиялык жол менен дээрлик жасалбайт. Айрым сан атоочтордун түрлөрү (иреттик, жамдама жана чамалама сандар) куранды мүчөлөр менен жасалат. Мисалы,

-ынчы: биринчи, алтынчы, онунчу ж.б.

-оо: бирөө, экөө, үчөө, төртөө, бешөө, алтоо, жетөө

-ча: кыркча, алтымышча, жүзчө ж.б.

-дай: ондой, элүүдөй, миңдей ж.б.

-даган: ондогон, жүздөгөн, миңдеген ж.б.

Булар тууралуу жогоруда тиешелүү бөлүмдердө сөз болду. Синтаксистик жол менен татаал сан атоочтор жасалат: үч- үчтөн, жети-сегиз, төрттөн  бир    ж.б.  Бул  жөнүндө да жогоруда, сан атоочтордун түрлөрүндө айтылды. Негизинен сан атооч сөздөр башка сөз түркүмдөрүнөн жасалбайт.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сан атоочтун жасалышы