КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сан атооч›Бөлчөк сан

Бөлчөк сан

Бөлчөк сандар бүтүндүн бөлүктөрүнүн санын, эсебин билдирет. Мисалы: Күндүн энергиясынын алты  миллиарддан бир бөлүгү гана жерге жетет. («Советтик Кыргызстан»). Он эки төө, он жылкы, тогуз уй, беш эчки, бир жарым койон, үч түлкү, таба албасаң чоң күлкү. (Табышмак.).

Азыркы кыргыз тилинде бөлчөк сандардын алымы бөлүмүнөн кийин айтылат. Жазууда ошол тартип сакталат: үчтөн эки, ондон беш, сегизден бир ж.б.

Алым менен бөлүмдүн тутумдашуусу төмөнкүдөй ыкмаларда ишке ашат:

а). Бөлүм чыгыш жөндөмөдө, алым атооч жөндөмөдө айтылуу аркылуу тутумдашышат: экиден бир, төрттөн үч, ондон жети ж.б.

Эгерде аныкталгычты илик жендөмөсүнө келтирип бөлчөк сандан мурда колдонсок, бөлчөк сан затташып кетет да, алымы үчүнчү жакка таандык болуп айтылат: Студенттердин үчтөн бири жумушка барган жок. Бул учурда бөлчөк сан атоочтор жөндөлөт.

 

А

(студенттердин) үчтөн бири

И

(студенттердин)             үчтөн     бири

-нин

Б

(студенттердин) үчтөн бири -не

Т

(студенттердин) үчтөн бири -н

Ж

(студенттердин) үчтөн бири -нде

Ч

(студенттердин) үчтөн бири -нен

 

б). Бөлүм илик жөндөмөдө, алым үчүнчү жакка таандык болуп да тутумдашышат: үчтүн экиси, ондун үчү, миңдин бири ж.б. Бул учурда бөлчөк сандар заттык мааниге ээ болот да, жөндөлүү мүмкүнчүлүгү жаралып, жөндөмөлөр менен жогорудагыдай өзгөрөт.

Эгерде бөлчөк сан атоочтордон кийин бөлүгү, үлүшү деген сөздөр колдонулса, бөлчөк сандар заттык маани туюндуруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт да, таандык эмес формада айтылат: Экинин бир бөлүгү, миңдин сегизден бир үлүшү ж.б.

Кыргыз тилинде бүтүндүн бөлүктөрүн билдирген жарым, жарты, чейрек деген сөздөр да бар. Булар эсептик сандар сыяктуу касиетке ээ: жарым бет, жарты нан, чейрек кылым ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008