КыргызчаРусский

Эрежелер›Синтаксис›Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне›Жандама мүчө деген эмне

Жандама мүчө деген эмне

Жандама мүчө аныкталуучу сөздөн кийин келип, анын кесип, жакындык, өнөр, наам, сыпат, мүнөз, даража жагынан болгон белгисин билдирет. Мисалы: Берикбай уста көбүнчө аялдардын күмүш шакегин, билеригин жасар эле. жандама мүчө – уста. Берикбайдын т.а., аныкталгычтын өнөр жагынан болгон өзгөчөлүгүн билдирди.

Демек, жандама мүчө өзүнөн мурдагы сөз менен бирдикте, сүйлөмдүн бир эле мүчөсү болот. Мисалы: Берикбай уста аялдардын зер буюмдарын жасайт. Ким? – Берикбай уста – ээ.

Булагы: «Азыркы кыргыз тили. Синтаксис», 2010

Негизги эреже: Сүйлөм мүчөлөрү деген эмне