КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Илик жөндөмө

Илик жөндөмө

Заттардын кимге жана  эмнеге тиешелүү  (таандык) экендигин билдирип, дайыма таандык мүчөлүү сөздөр менен айкашып келет. Илик жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты –нын мүчөсү, ал сөздөрдөгү үндүү жана үнсүз тыбыштарга карата 16 түрдө өзгөрүп колдонулат. Илик жөндөмөнүн мүчөсүнүн толук түрү -нын, -нин, -нун, -нүн, -дын, -дин, -дун, -дүн, -тын, -тин, -тун, -түн болуп 12, кыскарган түрү болсо -ын, -ин, -ун, -үн болуп 4 түрдө (вариантта) өзгөрүп келет.

Азыркы кыргыз тилинде илик жөндөмөсүнүн гана эмес, бардык жөндөмөлөрдүн мүчөлөрүнүн тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп айтылышы үндөштүк (сингармонизм) мыйзамынын негизинде жүзөгө ашат. Түрк тилдеринин ичинде үндөштүк (сингармонизм) мыйзамы жакшы сакталып, төл сөздөрдө анын туруктуу сакталышы боюнча кыргыз тили өзгөчөлөнүп турат. Кыргыз тилинде эрин күүсү да (жол, жолго, жолдош, жолоочу, жолукту, жолугушуу ж.б.), таңдай күүсү да (кыр, кырка, кырга, кырдын, кырка, кырканын ж.б.) катуу сакталат.

Үндөштүк (сингармонизм) мыйзамы башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөрдө бузулуп айтылган учурлар бир топ арбын. Мисалы: мугалим, соодагер, бейкуттук, телефон, геометрия ж.б.

Илик жөндөмөсүнүн мүчөсүнүн ар кандай шарттарга жараша тыбыштык жактан өзгөрүүлөргө учурап айтылышы төмөндөгүдөй болот.

Сөз үндүү тыбыштар менен аяктап келсе, жөндөмө мүчөнүн үндүү тыбышы төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

Жөндөмө мүчөнүн баштапкы үнсүз тыбышынын өзгөрүшү төмөндөгүдөй жүрөт:

Үндүү менен аяктаган сөздөрдө

н    (-нын,

-нүн)

-нин,

-нун,

Жумшак  жана  уяң  үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдө

д    (-дын,

-дүн)

-дин,

-дун,

Каткалаң үнсүз менен аяктаган сөздөрдө

т    (-тын,

-түн)

-тин,

-тун,

Кыргыз тилинде илик жөндөмөсү дайыма таандык мүчөлүү сөздөр менен айкашып келет дедик, ошол таандык мүчөлүү сөздөр анын аныкталгычы болуп эсептелет. Мисалы: баланын китеби, эчкинин сүтү, тоонун жели, атырдын жыты, үйдүн чатыры ж.б.

Илик жөндөмөсүндөгү сөз этиштин формалары менен айкашып колдонулса, ошол этиштин формасы да заттык мааниде болуп таандык айтылышта келет. Мисалы: коноктордун чакырылышы, сырдын билингени, мугалимдин айтканы, жаңы мектептин ачылышы ж.б. Мисалдардагы китеби, сүтү, жели, жыты, чатыры, чакырылышы, билингени, айтканы деген сөздөр таандык формада туруп, илик жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашып, аныкталып турат. Булар – аныкталгычтар. Ал эми илик жөндөмөсүндөгү сөздөр –  аныктагычтар  (башкача  айтканда,  аныктоочтор).  Демек, илик  жөндөмөсү  сүйлөмдө  көбүнчө  аныктоочтун  милдетин аткарат.

Илик жөндөмөсү төмөндөгүдөй грамматикалык маанилерди билдирет.

  1. Аныктала турган заттын кимге, эмнеге таандык болуп турганын көрсөтөт. Мисалы: Атам, ыраматылык, кумурсканын да уясын бузба дечү эле. («Кутбилим»)
  2. Заттын кайдан, эмнеден келип чыкканын, жасалган тегзатын билдирет. Мисалы: Курманжандын өзүнөн тараган уул-кыз эки жүздөн ашып кеткен болучу. (Т. Касымбеков)
  3. Аныктала турган затты кандайдыр заттын, кандайдыр бүтүндүн бөлүгү кылып көрсөтөт. Мисалы: А, Камчымдын бүлдүргөсү турбайсыңбы, ананайын... (Т. Касымбеков)
  4. Аныктала турган заттын туугандык, бирге болгондук жактан катыштык жагдайын билдирет. Мисалы: Баягы Кадыркулдун уулу деле быйыл окууга кетиптир.(«Эркинтоо»)
  5. Аныктала турган заттын мезгилге, мейкиндикке карата белгисин билдирет. Мисалы: Кара булгаары капталган кичинекей тактанын үстүндө жатыптыр. (Ө. Даникеев)
  6. Аныктала турган зат билдирген белгинин, касиеттин кимгедир, эмнегедир тиешелүүлүгүн туюндурат. Мисалы: Төмөнкү сай тараптан дарыянын басаң шары угулат. (Ш. Абдыраманов)
  7. Аныктала турган зат сын атооч, сан атооч, атоочтуктардан болсо, кандайдыр сапаттык даража, же жиктөө маанилерин билдирет. Мисалы: Колубузга ышкындын солкулдагы тийгенин кара. (О. Айтымбетов)
  8. Кайталанып айтылган атоочтордун биринчисине жалганып, күчөтүү маанилерин да билдирет. Мисалы: Футбол чемпионатында Бразилиянын курама командасы мыктылардын мыктысы болуп чыкты. («Заман-Кыргызстан»)
  9. «Өз» деген аныктама ат атооч менен айкашып келип, кандайдыр окшоштуруу маанисин билдирет. Мисалы: Ырдаганын карасац, кадимки айтылуу Мусанын эле өзү.

Сүйлөмдө илик жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлбөй да, түшүрүлүп   да   айтыла   берет.   Илик   жөндөмөсүнүн   мүчөсү уюндурулат: Жаныбектин ыры, атамдын китеби, Суусамырдын суугу, Бишкектин көчөлөрү, китептин бети, казандын кулагы, үйдүн чатыры, автомобилдин тетиги ж.б.

Илик жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп  айтылганда таандык кылуу маанилеринде аныктык белгилер туюндурулбай калат, абстракттуулук маани пайда болот: комуз күүсү, тоо жели, гезит кагазы, Кыргызстан жаштары ж.б. Илик жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп айтылган айкаштардын айрымдары лексикалашып, татаал сөзгө да айланып кеткен: үй иши, конок каадасы, Суусамыр жайлоосу; Жол азабы - көр азабы. (Макал)

Ыр саптарында да илик жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп айтылган учурлар болот. Мисалы: Ай нуру бизге түгүлдү, Алтыным, аччы көңүлдү. (Фольк.) Бул учурда, ыр саптарында, конкреттүүлүк маани сактала берет.

Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Илик жөндөмө