Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Атооч жөндөмө
Атооч жөндөмө
Атооч жөндөмөсү заттарды атап гана көрсөтөт. Ал бардык заттарды таандык эмес түрүндө да, тигил же бул жакка, же затка таандык түрүндө да атай берет. Бардык зат атооч сөздөрдүн баштапкы формасы алардын атооч жөндөмөсүндө турган турпаты менен көрсөтүлөт. Азыркы кыргыз тилиндеги атооч жөндөмөсүндө төмөндөгүдөй грамматикалык маанилер болот.
- Заттарды таандык эмес абалда атоо мааниси: ата, эне, уул, кыз, окуучу, жомок, кагаз, үй, кыштак, билим, сабоо, буудай, кант, палоо, орок, курак, арыз, аң-сезим, күч-кубат, аткулак, кошаяк, кумшекер, Адыл, Сабира, Жамийла, Сыдыкбеков, Тоголок Молдо, Суусамыр, Бишкек, Украина, Кытай Эл Республикасы ж.б. Мисалы: Күз келип, буудай бышып калган. Бул жерде буудай деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, таандык эмес абалда атоо маанисин туюндурду.
- Заттарды биринчи жакка таандык кылып атоо мааниси: атам, энем, уулум, кызыбыз, окуучум, жомогум, кагазым, үйүбүз, кыштагым, билимим, сабоом, буудайым, кантым, палоом, орогум, күрөгүм, арыз-муңум, аң-сезимим, күч- кубатыбыз, Адылым, Жамийлам, Бишкегим, Кыргызстаным ж.б. Мисалы: Күз келип, менин эккен буудайым бышып калган. Бул жерде буудайым деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, биринчи жакка таандык кылып атоо маанисин туюндурду.
- Заттарды экинчи жакка таандык кылып сылык атоо мааниси: атаңыз, энеңиз, уулуңуз, кызыңыз, окуучуңуз, жомогуңуз, кагазыңыз, үйүңүз, кыштагыңыз, билимиңиз, сабооңуз, буудайыңыз, кантыңыз, күрөгүңүз, арыз-муңуңуз, аң- сезимиңиз, күч-кубатыңыз, Адылыңыз, Сабираңыз, Бишкегиңиз, Кыргызстаныңыз ж.б. Мисалы: Күз келип, сиздердин да буудайыңыздар бышып калган. Бул жерде буудайыңыздар деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, экинчи жакка таандык кылып сылык атоо маанисин туюндурду.
- Заттарды экинчи жакка таандык кылып одоно атоо мааниси: атаң, энең, уулуң, кызың, окуучуң, жомогуң, кагазың, үйүң, кыштагың, билимиң, сабооң, буудайың, кантың, палооң, орогуң, күрөгүң, арыз-муңуң, аң-сезимиң, күч-кубатың, Адылың, Сабираң, Бишкегиң, Кыргызстаның ж.б. Мисалы: Күз келди, сенин эккен буудайың бышып калгандыр. Бул жерде буудайың деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, экинчи жакка таандык кылып одоно атоо маанисин туюндурду.
- Заттарды үчүнчү жакка таандык кылып атоо мааниси: атасы, энеси, уулу, кызы, окуучусу, жомогу, кагазы, үйү, кыштагы, билими, сабоосу, буудайы, канты, палоосу, орогу, күрөгү, арыз-муңу, аң-сезими, күч-кубаты, Адылы, Сабирасы, Жамийласы, Бишкеги, Кыргызстаны ж.б. Мисалы: Күз келип, Коңурөлөңдүн буудайы бышып калган. Бул жерде буудайы деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, үчүнчу жакка таандык кылып атоо маанисин туюндурду.
- Башка заттардын аталган затка таандык экендигин билдирип атоо мааниси: атамдыкы, энеңиздики, уулунуку, кызымдыкы, окуучулардыкы, кагаздыкы, үйдүкү, кыштактыкы, билимдики, сабоонуку, буудайдыкы, канттыкы, палоонуку, ороктуку, күрөктүкү, арыз-муңдуку, аң-сезимдики, күч- кубаттыкы, Адылдыкы, Жамийланыкы, Бишкектики, Кыргызстандыкы ж.б. Мисалы: Мындай аппак нандар, албетте, ак буудайдыкы болот. Бул жерде буудайдыкы деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, нандын аталган затка (буудайга) таандык экендигин билдирип атоо маанисин туюндурду.
- Заттарды көптүк санда атоо мааниси: аталар, знелер, уулдар, кыздар, окуучулар, жомоктор, кагаздар, үйлөр, кыштактар, сабоолор, ороктор, күрөктөр, Адылдар, Жамийлалар ж.б. Мисалы: Күз келип, силердин да буудайыңар бышып калгандыр. Бул жерде буудайыңар деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, экинчи жакка таандык кылып көптүк санда атоо маанисин туюндурду. Шаарыбыз өсүп, түптүз көчөлөргө бийик-бийик үйлөр курула баштады. Бул жерде үйлөр деген сөз атооч жөндөмөсүндө туруп, көптүк санда атоо маанисин туюндурду.
Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008