Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Жөндөмө категориясы
Жөндөмө категориясы
Башка сөз түркүмдөрдөн айырмалап, зат атоочтун өзүнө гана тиешелүү грамматикалык категорияларынын бири жөндөмө категориясы. Жөндөмө категориясы атооч сөздөрдү бири-бири менен же башка сөздөр менен байланыштырып, айтайын деген ойду түшүндүрүү үчүн сүйлөмдүн туура уюшулушун шарттап турат. Демек, ал зат атоочко гана эмес, заттык мааниде колдонулган учурда сын атоочко да, сан атоочко да, ат атоочко да, кыймыл атоочко да, атоочтуктарга да тиешелүү категория болуп эсептелет.
Кыргыз тилинде жөндөмө категориясын түзүп турган алты жөндөмө бар. Алар атооч, илик, барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрү. Булардын ар биринин өзүнө тиешелүү суроолору жана грамматикалык маанилери бар.
Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдү берген маанилерине карай А. Турсунов1 грамматикалык жөндөмөлөр (атооч, илик, табыш) жана мейкиндик жөндөмөлөр (барыш, жатыш, чыгыш) деп эки топко бөлгөн.
Мейкиндик жөндөмөлөрдө турган сөздөр сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин багытын, турган ордун же башталган жерин билдирет. Булар мейкиндиктеги аракет-мамилелерге байланыштуу грамматикалык маанилерди туюндурат. Мисалы, барыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин багытын, барып тийер жерин билдирет; жатыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин аткарылыш ордун, мезгилин билдирет; чыгыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин башталыш, пайда болуш ордун, мезгилин билдирет.
Грамматикалык жөндөмөлөрдүн болсо, мейкиндикке анча тийешеси жок. Булар ар кандай грамматикалык мамилелерди билдирет. Мисалы, атооч жөндөмөсү заттарды жөн гана атайт, илик жөндөмөсү заттардын таандык болуп айтылышын шарттайт, табыш жөндөмөсү болсо, заттарды обөект кылып көрсөтөт.
Кыргыз тилиндеги жөндөмөлөрдү С. А. Давлетов алардын башка сөздөр менен синтаксистик байланыштарга түшүү касиеттерине жараша тике жөндөмө жана кыйыр жөндөмөлөр деп эки топко бөлүп, минтип жазган:
«Тике жөндөмө ошол сөздүн башка сөзгө багыныңкы же багыныңкы эмес абалда экендигин айкын билгизе албайт. Бирок речте ал басымдуу түрдө багынычсыз абалда, кээде гана багыныңкы мүнөздө колдонулат. Мындай жөндөмө катары атооч жөндөмөсү эсептелет.
Кыйыр жөндөмөлөр синтаксистик жактан ар дайым башка сөзгө багыныңкы мүнөздө болот. Буга атоочтон башка: илик, барыш, табыш, жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрү кирет»2
Жөндөмөлөрдүн берген маанилери грамматикалык маанилер болуп эсептелет. Ар бир жөндөмөнүн өзүнө гана тиешелүү жооп берер суроолору жана ага жараша ар түрдүүчө маанилери, грамматикалык каражаттары (жөндөмө мүчөлөрү) бар.
1 Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин студенттерине арналган окуу китеби. -Фрунзе, 1964. - 62-б.
2 Давлетов С., Кудайбергенов С. Азыркы кыргыз тили: морфология. Жогорку окуу жайларынын филология фак. студ-ри үчүн окуу китеби. Фрунзе, 1980. 64-б.
Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жөндөмө категориясы