КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Таандык категориясы

Таандык категориясы

Кыргыз тилинде зат атоочтор жекелик санда да, көптүк санда да кимдир бирөөгө же кандайдыр бир затка таандык болуп айтылыш  мүмкүнчүлүгүнө  ээ.  Мисалы,  кызым  деген  сөздөгү -ым мүчөсү ошол сөздү сүйлөп жаткан жакка (1-жакка) таандык экенин билдирсе, кызың деген сөздөгү -ың мүчөсү ошол сөздү угуп жаткан жакка (2-жакка) таандык экенин билдирет. Ал эми кызы деген сөздөгү -ы мүчөсү үчүнчү жакка - сөзгө аралашпаган жакка, башка бирөөгө таандык кылып турат. Мектептики деген сөздөгү -тики (-ныкы) мүчөсү кайсы бир затты, нерсени мектепке таандык кылып көрсөтүп турат.

Ошентип, заттардын кимдир бирөөгө же кандайдыр бир затка таандык болуп айтылыш маанилеринин жыйындысы таандык категориясы деп аталат.

Кыргыз тилинде зат атоочтун таандык маанилери эки жол менен туюндурулат:

Морфологиялык жол (таандык мүчөлөр аркылуу).

Синтаксистик жол (таандык мүчөсү жок туруп эле).

Морфологиялык жолдо сөзгө таандык мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу таандык маанилер уюшулат. Кыргыз тилиндеги таандык мүчөлөр уюштурган маанилерине карай эки топко бөлүнөт: жакчыл таандык мүчөлөр, жалпы таандык мүчө.

Жакчыл таандык мүчөлөр зат атооч сөздөргө жалганып, аларды тиешелүү бир жакка таандык кылып көрсөтөт. Ар бир жактын өзүнүн жекелик жана көптүк сандагы таандык мүчөлөрү бар.

Биринчи жак - сүйлөп жаткан тараптын өзү. Аны мен (көптүк санда биз) деген жактама ат атооч аркылуу туюндурабыз. Мына ошол биринчи жакка таандык этип айтуу үчүн менин …-ым (мисалы: менин балам), биздин ...-ыбыз (мисалы: биздин балабыз) деп айтабыз. Кыргыз тилинде кайсы бир затты биринчи жакка таандык кылган мүчөлөр -ым (-м), -ыбыз(-быз) болуп эсептелет.

Экинчи жак – сүйлөп жаткан кишинин сөзү багытталып, аны угуп, сөзгө аралашып турган тарап. Жөнөкөй түрүндө сен (көптүк санда силер) жана сылык түрүндө сиз (көптүк санда сиздер) деген жактама ат атоочтор аркылуу берилет. Мына ошол экинчи жакка таандык этип айтуу үчүн сенин …-ың (мисалы: сенин балаң), силердин ...-ыңар (мисалы: силердин балаңар), ал эми сылык түрүндө сиздин ...-ыңыз (мисалы: сиздин балаңыз), сиздердин ...-ыңыздар (мисалы:  сиздердин балаңыздар) деп айтабыз. Экинчи жактын таандык мүчөлөрү болуп жекелик санда -ың (-ң), -ыңыз (-ңыз), көптүк санда -ыңар (-ңар), -ыңыздар (-ңыздар) эсептелет.

Үчүнчү жак – сөз же ой багытталып, бирок сөзгө катышпаган тарап. Үчүнчү жак ал (көптүк санда алар) деген жактама ат атооч аркылуу уюшулат. Мына ошол үчүнчү жакка таандык этип айтуу үчүн анын ...-ы(-сы) (мисалы: анын кызы, баласы), көптүк санда алардын ...-ы(-сы) (мисалы: алардын кызы, баласы) деп айтабыз. Үчүнчү жактын көптүк сан таандыгы жекелик сандагыдай -ы (-сы) болуп айтылат. Бирок, кээде -лар мүчөсү менен да айтыла берет: алардын кыздары, алардын балдары.

Жакчыл таандык мүчөлөр

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

-ым (-м)

-ыбыз (-быз)

2-жак

-ың (-ң)

-ыңар (-ңар)

 

-ыңыз (-ңыз)

-ыңыздар (-ңыздар)

3-жак

-ы (-сы)

-ы(-сы), -лары

Аягы  үнсүз  тыбыштар  менен  аяктагн  зат  атоочтордун жакчыл таандык мүчөлөр менен өзгөрүшү төмөндөгүдөй болот.

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1 -жак

кызым, колум

кызыбыз, колубуз

2 -жак

кызың, колуң

кызыңар, колуңар

 

кызыңыз, колуңуз

кызыңыздар, колуңуздар

3 -жак

кызы, колу

кызы, колу (кыздары,

Аягы  үндүү  тыбыштар  менен  аяктаган  зат  атоочтордун жакчыл таандык мүчөлөр менен өзгөрүшү төмөндөгүдөй болот.

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

энем, топчум

энебиз, топчубуз

2-жак

энең, топчуң

энеңер, топчуңар

 

энеңиз, топчуңуз

энеңиздер, топчуңуздар

3-жак

энеси, топчусу

энеси, топчусу (энелери, топчулары)

Жалпы     таандык      мүчө      бирөө      эле:      -ныкы.     Ал    зат атоочторго  жалганып,  кандайдыр  башка  затты  же  кимдир- бирөөнү ошол затка таандык кылып көрсөтөт. Мисалы: Быйыл Базарбайдыкына  кыштап  чыгышы  да  кыйынга  түштү.  (М. Элебаев) Кайсы бир нерсе (үй) Базарбайга таандык болуп жатат. Жалпы   таандык   мүчө   жак   менен   санды   көрсөтпөйт.

Ошондуктан анын мааниси абстракттуу болот. Сүйлөмдөр тизмегинде (контекстте) конкреттүүлүккө ээ болот. Жалпы таандык  мүчө  уңгудагы  тыбыштарга  карата  бир  нече  түрдө өзгөрүп келе берет: мектептики, шаардыкы,үйдүкү, Жолондуку, Жоомарттыкы, Аалыныкы, Өзгөндүкү ж.б.

Жалпы таандык мүчө жакчыл таандык мүчөдөн кийин да жалгана берет.

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1 -жак

кызымдыкы

кызыбыздыкы

2 -жак

кызыңдыкы

кызыңыздыкы

 

кызыңардыкы

кызыңыздардыкы

3 -жак

кызыныкы

кызыныкы

( кыздарыныкы)

Таандык маанилердин берилишинин экинчи жолу болуп синтаксистик жол эсептелет. Таандык маанилер таандык мүчөлөрсүз эле уюшулушу да мүмкүн. Мындай учурда сөз айкашынын экинчи түгөйү ээленүүчү, башкача айтканда, таандык болуучу зат болуп, биринчи түгөйү ээлөөчү, башкача айтканда, өзүнө таандык кылуучу түгөй болуп айтылат. Таандык маанилердин синтаксистик жолу төмөнкүдөй ыкмалар менен ишке ашат.

  1. Сөз айкашынын биринчи түгөйү илик жөндөмөсүндөгу ат атооч болуп келет: биздин ой, биздин максат, биздин класс, силердин кызыкчылык, сиздердин айыл, сиздин тилек ж.б.
  2. Сөз айкашынын биринчи түгөйү -лык мүчөсү аркылуу уюшулган катыштык сын атооч болуп келет: айылдык бала, жаштык өмүр, окуучулук мезгил, студенттик күндөр, шаардык кыз, элеттик жигит ж.б.

Таандык мааниге ээ болуп турган зат атооч сөздүн сүйлөмгө катышкан-катышпаганына жана грамматикалык белгилерине жараша аныктык-тактык, жалпылык маанилерге ээ болот.

а). Ээлөөчүсү, башкача айтканда, аныктагычы катышпай турганда жакчыл таандыкта айтылган зат атоочтордо кандайдыр жалпылык маани болот да, ээлөөчүсү (аныктагычы) конкреттүү болбойт. Мисалы: - Апам келатат! Бир маалда чыйылдап ийди. (Б.Усубалиев) «Жүрөгү түшкөн турбайбы!» - апасынын азалуу үнү угулду. (О. Айтымбетов) Бул мисалдардагы апам, жүрөгү деген зат атоочтор ээлөөчүлөрү катышпай туруп таандык болуп айтылды. Ошондуктан аларда жалпылык маани басымдуулук кылып, конкреттүүлүк жок.

Ээлөөчүлөрү көмүскөдө калган учурдагы бардык жактар боюнча таандык өзгөрүүлөр таблица түрүндө төмөнкүдөй болот.

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1 -жак

үйүм, агам

үйүбүз, агабыз

2 -жак

үйүң, агаң

үйүңөр, агаңар

 

үйүңүз, агаңыз

үйүңүздөр. агаңыздар

3 -жак

үйү, агасы

үйү, агасы  (үйлөрү, агалары)

б). Ээлөөчүсү (аныктагычы) катышып турганда жакчыл таандык мүчөлүү зат атоочтор өздөрү да конкреттүүлүккө ээ болуп, ээлөөчүсү (аныктагычы) да конкреттүү жак (киши же кандайдыр бир зат) экени даана байкалып айтылат.

 

Жекелик сан

Көптүк сан

1-жак

Менин үйүм, агам

Биздин үйүбүз, агабыз

2-жак

Сенин үйүң, агаң Сиздин                үйүңуз,

Силердин үйүңөр, агаңар Сиздердин үйүңүздөр, агаңыздар

3-жак

Анын үйү, агасы

Алардын үйү, агасы (үйлөрү, агалары)

Үчүнчү жактын ээлөөчүсу (аныктагычы) катары адамзаттык эмес заттар да келе берет. Эгерде алар жактама ат атоочтордон турса, конкреттүүлүк контекстте гана белгилүү болот. Мисалы: Кой короого келди. Алардын маараганы дегеле басылчудай эмес. Эгерде ээлөөчү (аныктагыч) биринчи жактын өзү болсо, анда жакчыл таандык  мүчөлүү зат атоочтун өзүндө   да, аныктагычында да конкреттүүлүк байкалат. Мисалы: Уулумдун мектебине барып, чогулушка катыштым.

Ээлөөчүдөгү  илик  жөндөмөсүнүн  мүчөсү  түшүп  калган учурда эки компонент бири-бири менен өтө тыгыз байланышат.

Көпчүлүк учурда мындай айкалыштар татаал сөзгө өтүп кетет. Анткени ээлөөчү дайыма атооч сөз же атоочтук болуп келет: Бишкек шаары, балдар дүйнөсү, казак талаасы, чак категориясы, эр таалайы, Эркиндик гүлбагы ж.б. Ал эми корбашы, миңбашы, жүзбашы, топбашы, Атбашы, Суубашы деген  өндүү татаал айтылыштар биротоло лексикализацияланып, кошмок сөзгө айланып кеткен.

Айрым зат атоочторго жакчыл таандык мүчөлөр жалганганда алардын уңгусу өзгөрүүгө учурайт: айыл – айлым, айлың, айлыңыз, айлы; орун – ордум, ордуң, ордуңуз, орду ж.б. Мындай зат атоочтор төмөнкүлөр: айыл, дайын, кийим, кайын, моюн, коюн, оюн, жыйын, эрин, орун, карын, мурун, жарым, пейил ж.б.

Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Таандык категориясы