Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Сан категориясы
Сан категориясы
Заттардын жалгыз экенин жана эки же андан көп да экенин туюндурган грамматикалык маанилердин жыйындысы зат атоочтун сан категориясы деп аталат.
Ошентип, зат атооч сөздөр жекелик санда жана көптүк санда айтыла берет. Анткени заттар, буюмдар жалгыз да, көп да болушу мүмкүн. Көптүк сандагы зат атоочтор эки же андан көп бирөңчөй заттарды атайт: козулар, инилер, көлдөр, китептер, жолдоштор, балыктар, чиркейлер ж.б.
Жекелик сан менен көптүк санды бири-биринен айырмалап турган грамматикалык каражат көптүктүн -лар мүчөсү болуп эсептелет. Кыргыз тилинде бул мүчө уңгудагы үндүү, үнсүз тыбыштарга карата өзгөрүп, 12 вариантта колдонулат.
-лар мүчөсүнүн тыбыштык өзгөрүүлөрү төмөндөгүдөй болот. Сөз үндүү тыбыштар менен аяктап келсе, көптүк мүчөсүнүн (-лар) үндүү тыбышы мындай болуп өгөрөт:
Ар кандай сөздөргө жалганганган учурларда -лар мүчөсүнүн баштапкы үнсүз тыбышынын өзгөрүп айтылышы төмөндөгүдөй болот:
| Үндүү менен аяктаган сөздөрдө | л |
| й, р тыбыштары менен аяктаган сөздөрдө | л |
| л, м, н, ң жана жумшак үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдө | д |
| Каткалаң үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдө | т |
Алтай тилинде болсо, -лар мүчөсүнүн он алты (16) варианты бар (-нар, -нер, -нор, -нөр деген түрлөрү да айтылат), өзбек тилинде бир эле вариантта (-лар) колдонулат.
Зат, буюм, нерсе, кубулуш, окуя аттарынын жеке, жалгыз экендигин билдирген учуру жекелик сан, ал эми эки же андан көп экендигин туюндурган учуру көптүк сан деп аталат. Көптүк санды билдирген зат атоочторго -лар мүчөсү жалганат: тоо - тоолор, шаар - шаарлар, китеп - китептер, үй - үйлөр, бала - балдар ж.б.
Кыргыз тилинде айрым зат атоочтор -лар мүчөсү жалганбай туруп эле көптүк санды туюндура берет. Мисалы, жалпылама маани берген сөздөр ошол турушу менен эле көптүк санды билдирет: мал, куш, журт, калк, кой, эчки, жылкы, таш, кыш, кум ж.б.
Абдыкул мал айдап келатат. Атам жылкы багат. Садыбакас бир машине кыш түшүрдү деген сүйлөмдөрдөгү мал, жылкы, кыш көптүк сан маанисинде айтылып жатат, алардын жалгыздан эмес экендиги өзүнөн-өзү белгилүү.
Кыргыз тилинде зат атоочтун көптүк сан маанилери морфологиялык, синтаксистик жана лексикалык жолдор менен уюшулат.
Көптүк сандын морфологиялык жол менен уюшулушу -лар мүчөсү аркылуу ишке ашат: Кийинки учурда түшүмө тоолор көп кирчү болду. (Ж.0смонкулов) Снаряд ойгон чуңкурларга далдаланып, артка чуркадык. (К.Сактанов).
Заттардагы көптүк сан мааниси синтаксистик жол менен да уюшулат. Синтаксистик жол менен көптүк сандын уюшулушу төмөндөгүдөй болот:
- Кош сөздөр аркылуу көптүк сан маанилери берилет: бала-бакыра, жууркан-төшөк, кары-жаш, катын-калач, көйнөк-көнчөк, кыз-кыркын, машина-машина, эрди-катын, эт- мет, идиш-аяк, ит-куш, улуу-кичүү, үймөк-үймөк, коңшу-колоң ж.б.
Буларга -лар мүчөсү жалганып айтыла бериши да мүмкүн: Жууркан-төшөктөрүн жыйнап кирди.
- Зат атоочтордун эсептик жана чамалама сан атоочтор менен айкалышы аркылуу көптүк сан маанилери -лар мүчөсү уланбай туруп эле уюшулат: он кой, үч бала, сегиз китеп, жыйырма чакты студент, алты кыз, эки калем, он сегиз миң аалам, үч жүз алтымыш беш күн ж.б.
- Бирөңчөй мүчөлөргө -лар мүчөсү жалганбаса да жалпылагыч сөз кошо айтылып көптүк маани уюшулат: Адыл, Самат, Асылкан, Самара, бардыгы бир курста окушат.
Лексикалык жол менен да көптүк сан маанилери уюшулат:
- Бирөңчөй заттарга карата жалпылама атоо мааниси бар зат атоочторго -лар мүчөсү жалганбай туруп эле көптүк сан маанилери туюндурула берет: Качкын аба бармактайынан мал менен өскөн адам эле. (О. Айтымбетов) Эртеси ойгонсо, кар жаап жатыптыр. (А. Мырзаев) Мисалдардагы кар, мал деген сөздөр көптүк сан маанисин да туюндуруп турат. Анткени, жалгыз кар жааган жок жана бир эле мал тууралуу сөз болгон жок.
Бирөңчөй заттарга карата жалпылама атоо маанисин билдирген зат атоочторго төмөндөгүдөй сөздөр кирет: адам, жылкы, журт, калк, кой, эчки, мал, куш, кум, жыгач, таш, кыш, мөндүр ж.б. Буларга -лар мүчөсүнүн жалганышы зарыл эмес.
- Жаратылышынан эле кош буюмду, экөө экендикти билдирген зат атооч сөздөр да -лар мүчөсү жалганбай туруп эле көптүк сан маанисинде колдонулат: кабак, кайчы, көз, көлөч, кол, кулак, ийин, жамбаш, тизе, өтүк, чокой, мээлей, бут ж.б. Буларга кээде -лар мүчөсү жалгана бериши да мүмкүн.
Кыргыз тилинде жалаң гана жекелик сан түрүндө жана жалаң гана көптүк сан түрүндө айтыла турган зат атооч сөздөр да учурайт. Жекелик санда гана айтылуучу зат атооч сөздөр:
- Жаратылыш кубулуштары: жаан, жамгыр, бурганак, чагылган, жарык, иңир, таң, караңгы, асман, суук, шоокум, шамал, жел, сыдырым, керимсел, бороон ж.б.
- Жыл мезгилдери: жаз, жай, күз, кыш, март, бугу, теке, август, дүйшөмбү, жума, ишемби ж.б.
- Абстракттуу маанидеги сөздөр: балалык, дыйканчылык, актык, аталык, энелик, атак, акыл, эс, акыйкат, айып, тилек, кайгы, даңк, азап, бакыт, тазалык, сулуулук, урмат ж.б.
- Энчилүү аттар: Бишкек, Ош, Алматы, Бээжин, Көкөмерен, Торугарт, /чдөбө, Узакбай, Арчатору, Чынара, Кубатбеков ж.б.
- Металл, металл эмес заттардын, тамак-аш азык заттарынын аттары: алтын, күмүш, коргошун, жез, калай, сүт, айран, жуурат, каймак, ун, талкан, кымыз, май, палоо, лагман ж.б.
- Жалгыз экендиги анык болгон дене мүчөлөрүнүн аттары: колко, омуроо, төш, көкүрөк, ооз, бел, моюн ж.б.
Бул топтогу зат атоочтордун айрымдарына көптүк сандын мүчөсү (-лар) жалганышы мүмкүн. Бирок, мындай учурда алар көптүк санды эмес, жалпылоо же болжолдоо маанилерин билдирет.
Мисалы: Дүйшөмбүлөргө карап келип калабыз. Мисалда дүйшөмбүлөргө деген сөздөгү -лар мүчөсү көптүк санды эмес, дүйшөмбү же шейшембиде келе тургандык тууралуу сөз болду. Кайсы күнү экени божомол айтылып жатат.
Аттардын алды Нарындарга жетип калды. Мисалда Нарындарга деген сөздөгү -лар көптүк санды эмес, Нарындын айланасы деп, аттардын кайсы жерге жеткендигин болжолдоп билдирип жатат.
Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сан категориясы