КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Барыш жөндөмө

Барыш жөндөмө

Барыш жөндөмөсү сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин, айтыла турган ойдун жана сөздүн багытын, аткарылар ордун билдирип, кимге? эмнеге? каякка? деген суроолорго жооп берет. Барыш жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты -га. Бул тыбыштык өзгөрүүлөргө карай бир нече варианттарда колдонулат. Толук түрү: -га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, ко, -кө; үчүнчү жактын таандык мүчөсүнөн кийин: -на, -не, -но, -нө; кыскарган түрдө: -а, -е, -о, -ө болуп өзгөрөт.

Барыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнүн тыбыштык өзгөрүүлөрү төмөндөгүдөй болот.

Сөз үндүү тыбыштар менен аяктап келсе, жөндөмө мүчөнүн үндүү тыбышы төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

Эскертүү: Кыргыз тилинде э жана е тамгалары бир эле тыбышты билдирет.

Жөндөмө мүчөнүн баштапкы үнсүз тыбышынын өзгөрүшү төмөндөгүдөй жүрөт:

Үндүү менен аяктаган сөздөрдө

г (-га, -го, -ге, -гө)

Жумшак   жана   уяң    үнсүздөр   менен аяктаган сөздөрдө

г (-га, -го, -ге, -гө)

Каткалаң үнсүз менен  аяктаган сөздөрдө

к (-ка, -ко, -ке, -кө)

Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр этиш сөздөр менен айкашып келет да синтаксистик башкаруу байланышын түзөт. Алар багыт маанисин билдиргендиктен дайыма кыймыл- аракетти талап кылып турат.

Барыш жөндөмөсү төмөндөгүдөй грамматикалык маанилерди туюндурат.

  1. Кыймыл-аракеттин барып тийер ордун билгизет да, кайда? каякка? деген суроолорго жооп берип калат. Мисалы: Төрдө Айша апа, анын тизесине жөлөнүп Изат олтурат. (Ө. Даникеев)
  2. Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин кимге, эмнеге багытталганын билдирет. Мисалы: Ээрчишип мектеп тарапка баратышты. («Кут билим»)
  3. Барыш жөндөмөсү багыт мааниси менен кошо иштин, ойдун аткарылыш максатын да билдирет. Мисалы: Билим берүү рынок талабына шайкеш өнүгүүгө тийиш. («Кут билим»)
  4. Барыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин, ойдун, иштин аткарылар мезгилин, өлчөмүн да билдирет. Мисалы: Бул жер азыр көл бетинен бир миң төрт жүз метрге бийиктик кылат. (А. Саспаев) Аламан байгеде аттарды кеминде он чакырым аралыкка койо беришет. («Советтик Кыргызстан»)
  5. Этиштин тиешелүү мамиле формалары менен айкашып келип, барыш жөндөмөсүндөгү сөз сүйлөмдөгү логикалык субөект маанисин да билдирет. Мисалы: Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат. (Макал)
  6. Этиштин тиешелүү мамиле формалары менен айкашып келип, барыш жөндөмөсүндөгү сөз сүйлөмдөгү обөект маанисин да билдирет. Мисалы: Мурзаке көрдүйнөгө алданбай, байланбай куштардай эркин, нарктуу жашады. («Кыргызстан маданияты»)

Барыш жөндөмөсү дейре, жараша, караганда, карай, карата, чейин деген сыяктуу жандоочтор менен айкаша айтылып, тиешелүү ошол жандоочтордун маанилерин да кабыл ала берет. Мисалы: Купелүү вагондордо бир топ күн жүрөр узак жолдун ылайыгына жараша тирилик орноду. (Ч. Айтматов) Мисалдагы ылайыгына деген сөз барыш  жөндөмөсүндө айтылып, жараша деген жандооч аркылуу «ылайыкташуу» маанисин туюндуруп турат

«Орхон-енисей эстеликтеринде болсо барыш жөндөмөсүнүн мүчөсү төмөкүдөй формада кездешет:

  1. -га, -ге, -ка, -ке: орыз-га – ырыска; йазы-ка – жайыкка; йир-ке – жерге.
  2. -а, -е - жактама ат атоочтон жана 1, 2, 3-жактын таандык мүчөлөрүнүн жекелик түрүнөн кийин: маң-а – мага, сиз-е – сизге; каганың-а – ханыңа, йириң-е – жериңе, марым-а – мугалимиме, черигиң-е – армиясына (аскериңе болуш керек - И. А.), сабын-а – сөзүнө, илин-е – мамлекетине. Бирок 1-жактын таандык мүчөсүнөн кийин барыш жөндөмөсүнүн -ка, -ке формасында да улана берген: оглумка – уулума, элимке – элиме.
  3. Орхон   жазмасында   барыш   жөндөмөсүнүн   -гару,   -геру   формасы   да колдонулган. Бул эки мүчөдөн турат: барыштыкы -га, -ге жана багыт жөндөмөсүнүнкү -ру: огуз-гару – огузга, ил-геру – алдыга, чыгышка
  4. Барыш жөндөмөсү  -йа формасында  да колдонулган:  йыра-йа – түндүккө, куры-йа – батышка, бери-йа – түштүккө.

Байыркы эстеликтерде барыштын -гару мүчөсү айрым сөздөргө жалганганда башкы же аяккы тыбышы түшүп айтылып, түрдүү формада колдонулган: -ару < (г)ару: баң-ару – мага, оң-ару – ага, субың-ару – суусуна, -ар < (г) ар(у): аң-ар – ага, муң-ар – буга, -ра < (га)ру: өң-ре - алга карай, ич-ре - ичке, таш-ра - тышка, сыртка; -кер (-гар, -кар) -гар(у): өлүмкер - өлүмгө.

Барыш жөндөмөсүнүн байыркы -гару (-ру) мүчөсү кыргыз тилинде калдык катары төмөнкү тактоочтордун тутумунда сенек болуп сакталып калган: жогору, илгери, тышкары, ичкери, ары, бери»1

 

1Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Жогорку окуу жайларынын филология факультеттеринин студенттерине арналган окуу китеби. - Фрунзе, 1964. - 65-66-б.

Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008