КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Табыш жөндөмө

Табыш жөндөмө

Табыш жөндөмө кыймыл-аракет, же айтыла турган ой барып тийе турган, же багытталып жаткан затты (обөектини) көрсөтөт. Ошондуктан ал сүйлөмдө кыймыл-аракет тике багытталган обөект болуп кызмат кылат да, кимди? эмнени? деген суроолорго жооп берет. Синтаксистик жактан тике толуктоочтун милдетин аткарат. Мисалы: Эй, бала!.. Айткандарың төгүн чыкса, эмне болоруңду билесиңби? (Т.Абдумомунов) Көмүскөдөгү ээнин эмнени билери анын өзүнүн «эмне болор» абалына багытталып жатат. Ушундан соң Каражал короолорду кыдырып жок издегенин токтотту. (С.Станалиев) Сүйлөмдүн ээси Каражалдын кыдырып жок издеген аракети короолорго барып тийип жатат.

Табыш жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты -ны, ал бир нече вариантта өзгөрүп колдонулат. Таандык мүчөлөр уланбаган учурларда -ны, -ны, -ну, -нү, -ды ,-ди, -ду, -дү, -ты, -ти,  -ту,  -тү,  -ы,  -и,  -у,  -ү  болуп  өзгөрүп  айтылат.  Ал  эми таандык     мүчөлөр уланып   келген    сөздөрдө   болсо,  табыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнүн өзгөрүп колдонулушу бир топ татаал. Жекелик   жана   көптүк   санда   экинчи   жактын   жакчыл таандык  мүчөсү  (-ы,  -сы;  -лары)  жалганып  келген  сөдөргө жалганганда  табыш  жөндөмөсүнүн  мүчөсү  үндүү  тыбышын түшүрүп жалганат (калпаг-ы – калпаг-ы-н, сөйкө-сү – сөйкө-сү- н; китеп-тер-и – китеп-тер-и-н). Жалпы таандык мүчөсүнөн кийин да ушул көрүнүштө өзгөрөт (алма-ныкы-н; ата-м-дыкы-н, ата-ң-дыкы-н).

Сөз  үндүү тыбыштар менен аяктап келсе, жөндөмө мүчөнүн үндүү тыбышы төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

Жөндөмө мүчөнүн баштапкы үнсүз тыбышынын өзгөрүшү төмөндөгүдөй жүрөт:

 

Үндүү менен аяктаган сөздөрдө

н  (-ны,  -ну,  -ни,

-нү)

Жумшак  жана  уяң  үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдө

д   (-ды,   -ду,   -ди,

-дү)

Каткалаң үнсүз менен  аяктаган сөздөрдө

т  (-ты,   -ту,   -ти,

-тү)

 

Жөнөкөй жөндөлүштө -ны, -ни, -ну, -нү, -ды, -ди, -ду, -дү, -ты, -ти, -ту, -тү; таандык жөндөлүштө а) жекелик сандагы биринчи жана экинчи жактын таандык мүчөлөрүнөн кийин кыскарган түрдө -ы, -и, -у, -ү; б) жалпы таандык жана жекелик сандагы учүнчү жактын таандык мүчөлөрүнөн кийин өзгөчө кыскарган түрдө -н болуп өзгөрүп келет.

«Орхон-енисей (байыркы түрк рун) эстеликтеринде табыш жөндөмөсүнүн үч түрдүү мүчөсү кездешет:

  1. зат атоочтон кийин -ыг, -иг, -г: будун-ыг – элди, күмүш-иг – күмүштү, элчи-г –, элчини;
  2. ат атоочтон кийин -ны, -ни: бу-ны – муну, биз-ни – бизди;
  3. таандык уландылардан кийин -ын, -ин, -н: кызым-ын – кызымды, йегин-им-ин – жээнимди, ташы-н – ташын"1.

Табыш жөндөмөсү төмөндөгүдөй грамматикалык маанилерди билдирет.

  1. Сүйлөмдөгү кыймыл-аракет тике багытталып турган затты (обөектини) билдирет. Мисалы: Үчүнчү күнү Бешмойнокту ашып, Апактын белине чыктык. (Ж. Осмоналиев)

«Табыш жөндөмөнүн бул мааниси – негизги маани, ал өзү жалганган сөздүн өтмө маанидеги төмөнкүдөй топтогу этиштерге багыныңкы байланышта болушу менен шартталып турат:

а) күч-аракетти билдирген этиштер менен: эгинди сеп-, көйнөктү  тик-, душманды өлтүр-, үйдү кур-, нанды же-, кымызды ич-, малды бак-, упчуну сор-, чөптү чап-, сууну сеп-, короону шыпыр- ж.б.

б) акыл-эс аракетин билдирген этиштер менен: өткөндү эсте-, кайгы-капаны унут-, сабакты бил-, ата-энени ойло- ж.б.

в) сүйлөө этиштери менен: жомокту айт-, сөздү сүйлө-, оюңду билдир- ж.б.

г) туюм-сезим аракетин  билдирген этиштер менен: кепти ук-, ишти байка-, баланы кара-, көптү көр-, окууну каала- ж.б.

д) белгилүү бир нерседен өтүү маанисин билдирген кыймыл этиштер менен: ашууну аш-, сууну кеч- ж.б.

Өтпес этиштер, адатта, сүйлөм ичинде табыш жөндөмөсүндөгү сөздүн болушун талап кылбайт. Бирок алар аркылуу мамиледе айтылса, этиштин өйдөкү семантикалык топтору сыяктуу эле табыштагы сөздү багындырып, багыныңкы сөз аркылуу обөектилик маанинин туюнтулушун шарттап турат. Салыштыр: бала уктады – баланы уктатты, кыз ойноду – кызды ойнотту, конок кетти – конокту кетирди, эне сүйүндү – энени сүйүнттү, жумушчу чарчады – жумушчуну чарчатты, алма түштү – алманы түшүрдү, келин келди – келинди келтирди, от күйдү – отту күйгүздү, учкуч учту – учкучту учурду ж.б"2.

  1. Төл жана бөтөн сөздө айтылганда табыш жөндөмөсү кээде кыймыл-аракетти аткарган тарапты (логикалык субөектини) да билдирет. Мисалы: Канчалык асыраган менен карышкырды кишиге кол салбайт деш кыйын. («Эркинтоо»)
  2. Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин бүтүндүн бир бөлүгүнө багытталганын билдирет. Бул учурда дайыма илик жөндөмөсү менен айкашып келет. Мисалы: Ээрдин кашын бекем кармап келатты. (Ж. Осмонкулов)
  3. Табыш жөндөмөсүндөгү сөз карай, көздөй деген жандоочтор менен кошо айтылып, багыт маанисин билдирет. Мисалы: Өрүктүдө жаттыңар, Өйүздү көздөй аттыңар. (Ж. Бөкөмбаев). Кыргыз тилинде табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп да, түшүрүлбөй да айтыла берет. Төмөндөгүдөй учурларда табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлбөй айтылат:

а) бир нерсени же түшүнүктү конкреттештирип, дааналап- тактап, кандайдыр басым менен айтсак: шаарды араладык, үйдү шыбадым, атты каңтардың ж.б.

б) табыш жөндөмөдөгү сөз ат атооч болсо: сени көрдүм, мени ук, аны таштаба, эмнени айтасың ж.б.

в) табыш жөндөмөдөгү сөз кыймыл атооч же атоочтук болсо: окууну бүттүм, сугарганды билет, өткөндү эстедик, кутуларды ойлогула ж.б.

г) табыш жөндөмөдөгү сөз затташкан сын атооч же сан атооч болсо: жакшыларды тосушту, тебетейлүүнү аңдыгын, бирди коштум, бешти алып салдыңбы, он экинчини алдым ж.б.

д) табыш жөндөмөдөгү сөз энчилүү аттардан болсо: Адылды урбагыла, Аккуланы каңтардым, «Кыяматты» сатып алдык ж.б.

е) табыш жөндөмөдөгү сөз таандык болуп турса: атаңды тааныдыңбы, колумду кармаба, мектептикине тийбегиле, оюбузду айтабыз ж.б.

ж) табыш жөндөмөдөгү сөз жандоочтор менен келсе: үйдү көздөй басты, айылды карай баратат ж.б.

з) табыш жөндөмөдөгү сөз менен этиш сөздүн ортосуна кандайдыр башка сөз кошулуп айтылган учурларда: талды жакшы багуу керек, катты узак жаздым, ырды биз да жазабыз, жүктү аягына чейин ташыдыңарбы, тамакты түгөтө ичтик ж.б.

Төмөндөгүдөй учурларда табыш жөндөмөсүнүн мүчөсү түшүрүлүп айтылат:

а) абстракттуулук маани  басымдуулук кылып, табыш жөндөмөдөгү сөз этиш менен жанаша айтылганда: мал багуу -жакшы иш, кат жаздым, ыр жазгыла, жүк ташыдыңарбы, тамак ичтик ж.б.

б) табыш жөндөмөнүн мүчөсү бирөңчөй мүчөлөрдун эң акыркысынан башкаларында түшүрүлүп айтылат: тоо, токой, талааларды басып өттүк; Айым, Жамийла,  Асел, Саадаттарды көрдүм ж.б.

1.) Кыргыз тилинин грамматикасы: морфология. Жогорку окуу жайларыныи филология фак-ринин студенттерине арналган окуу китеби. Фрунзе, 1964. 67-б.

2.) Абдувалиев  И.,  Садыков  Т.  Азыркы  кыргыз  тили:  морфология.  Жогорку  окуу жайлардын филол. фак. студенттери үчүн окуу китеп. Бишкек, 1997. -66-б

Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008