КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Жатыш жөндөмө

Жатыш жөндөмө

Кыймыл-аракеттин аткарылыш ордун, мезгилин же кайсы бир заттын каякта, кайда экенин билдирип, кимде? эмнеде? (качан? кайда? кайсы жерде?) деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Өз атаң Эр-Күлчур он төртүндө жортуулга аттанган. (Т. Сыдыкбеков) Кече уруяттан кийин, тиги дөбөдө бир жаман там болор эле. (Ч. Айтматов) Ырас, акыркы бюродо ал Кошойго ачууланып эң катаал сүйлөдү. (К. Акматов)

Жатыш  жөндөмөнүн  грамматикалык  каражаты  (мүчөсү) -да. Ал уңгудагы үндүү, унсүз тыбыштарга карата өзгөрүп, 12 түрдө айтылат. Жөнөкөй жөндөлүштө: -да, -де, -до, -дө, -та, -те, -то, -тө; таандык жөндөлүштө: -нда, -нде, -ндо, -ндө болуп өзгөрөт.

Сөз үндүү тыбыштар менен аяктап келсе, жөндөмө мүчөнүн үндүү тыбышы төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

Жөндөмө мүчөнүн баштапкы үнсүз тыбышынын өзгөрүшү төмөндөгүдөй жүрөт:

Үндүү менен аяктаган сөздөрдө

д    (-да, -дө)  

-до,

-де,

Жумшак жана уяң үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдө   

д    (-да, -дө)

-до,  

-де,  

Каткалаң  үнсүз менен аяктаган сөздөрдө

т    (-та, -тө)

-то,

-те,

 

Жатыш жөндөмөдөгү сөздөр төмөндөгүдөй грамматикалык маанилерди берет.

  1. Жатыш жөндөмөсү кыймыл-аракеттин каякта болор ордун көрсөтөт. Мисалы: Унчукпай жатып үйүндө, «Узак жолун» улаган. (К. Маликов) Көрүп турбайсыңбы, жанымда жолоочум бар. (К. Жусупов) Сиздин жыйналышта сүйлөгөн сөзүңүз элге жакты. («Кыргыз Туусу»)
  2. Кыймыл-аракеттин, анын аткарылышынын мезгилин билгизет. Мисалы: Ортодо алоолонгон от Текештин сөөгүн сызгырып күйгүзүп жатканда бирде бири ооз ачпады. (Т. Сыдыкбеков) Убагында сөз табылбай калат, анын качан кереги жокто табылганын айтпайсыңбы. (К. Жусупов)
  3. Затташкан сан атоочтор менен айтылып, ченем маанисин да билдирет. Мисалы: Уулум быйыл тупатуура он алтыда. (Б. Усубалиев) Асел экинчи курсту бүтүргөн, быйыл үчүнчүдө. («Аалам»)
  4. Кандайдыр аныктай турган тиешелүүлүк маани да билдирет. Мисалы: Жердин жети катмарына жеткен акылыбыз адамга калганда чолок турбайбы. (Т. Абдумомунов)
  5. Кайсы бир заттын же кандайдыр бир касиеттин кимде, эмнеде      экендигин           да         билгизет.              Мисалы:             Акыл  айтсаң тыңшабайт, Акмактын көркү жемеде. (Токтогул) Агай, агай, журнал Жумалиевде, - деп безилдеп жиберди Калый. («Алатоо») Жатыш жөндөмөсүндөгү зат атоочтор сүйлөмдө көбүнчө   орун жана мезгил бышыктоочтордун милдетин аткарат. Кээде толуктооч да болуп кетет. Мисалы: Жапарда эч кандай күнөө жок болучу. (А. Токомбаев) Айрым учурларда баяндоочтун да милдетин аткарып калат. Мисалы: Тулпар тушунда, күлүк күнүндө. (Макал)

Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жатыш жөндөмө