Эрежелер›Морфология›Зат атооч›Чыгыш жөндөмө
Чыгыш жөндөмө
Кыймыл-аракеттин башталган жерин, учурун жана заттын же анын кандайдыр касиетинин пайда болуш булагын билгизип, кимден? эмнеден? (кайдан? каяктан? качантан?) деген суроолорго жооп берет. Мисалы: Кытайдан келген пил, соорусун тасма тил. (Табышмак)
Чыгыш жөндөмөнүн грамматикалык каражаты -дан. Ал уңгудагы үндүү, үнсүз тыбыштарга карата өзгөрүп, бир нече вариантта айтылат. Жөнөкөй жөндөлүштө: -дан, -ден, -дон, -дөн, -тан, -тен, -тон, -төн; таандык жөндөлүштө болсо, -(д)ан, -(д)ен, -(д)он, - (д)өн жана -нан, -нен, -нон, -нөн болуп өзгөрөт. Бул өзгөрүүлөрдүн ичинен -нен, -нөн формалары айрым аягы ичке үндүү тыбыштар менен аяктаган жөнөкөй жөндөлүштөгү сөздөргө да жалганышы мүмкүн: кшииден - кишинен, кемеден - кеменен, төөдөн – төөнөн ж.б.
Сөз үндүү тыбыштар менен аяктап келсе, жөндөмө мүчөнүн үндүү тыбышы төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:
Жөндөмө мүчөнүн баштапкы үнсүз тыбышынын өзгөрүшү төмөндөгүдөй жүрөт:
| Үндүү менен аяктаган сөздөрдө | д (-дан, -дон, -ден, -дөн) |
| Жумшак жана уяң үнсүздөр менен аяктаган сөздөрдө | д (-дан, -дон, -ден, -дөн) |
| Каткалаң үнсүз менен аяктаган сөздөрдө | т (-тан, -тон, -тен, -төн) |
Чыгыш жөндөмөсүндөгү зат атоочтор төмөндөгүдөй грамматикалык маанилерди берет.
- Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин башталган жерин билдирет. Мисалы: /йдөн ала кийиз менен көлдөлөңдү альт келгиле. (Т.Сыдыкбеков) Жедеп түгөнүп, соолуп калганбы, эч кимдин көзүнөн кылайып жаш да чыкпайт. (М.Элебаев).
- Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин болуп өткөн жерин билдирет. Мисалы: Кыра тууралган бешбармактан экөө алма- телме алып, табакты заматта түбүнө түшүрүштү. (Э.Турсунов) Жети, сегиз үйдөн тиленип, экөөнөн кур чыктым. (М.Элебаев).
- Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин пайда болгон, башталган мезгилин билгизет. Мисалы: Сизди «өлдү» деп уккандан үч айдан кийин күйөөгө тийгенмин. (К. Жантөшев).
- Заттын кайдан келгенин, эмнеден келип чыкканын билдирет. Мисалы: Күмүштөн сөйкө такканбыз, күн тийбес жерге бакканбыз. (Фольк.)
- Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин аткарылыш себептерин билгизет. Мисалы: Уялганынан улам Беккулдун көздөрү жер карап турду. (М.Элебаев).
- Сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин кандайдыр бир затка, бүтүн нерсеге, анын кайсы бир жерине таралгандыгын, таасир эткенин билдирет. Мисалы: Конокту колтуктан алып жакшылап атказдык, байке. (Ж.Осмоналиев).
- Чыгыш жөндөмөсүндөгү сөз сандык же сапаттык салыштыруу маанисин да билдирет. Мисалы: Каадалуу коноктордон бетер көлдөлөңдүн тээ төр жагына барып отурдук. (Т.Сыдыкбеков) Бала балдан таттуу, небере жандан таттуу. (Макал).
- Кайталанып айтылган сөздөрдүн биринчи түгөйү чыгыш жөндөмөдө айтылса, күчөтүү маанисин билгизет. Мисалы: Ушул ишти аткарат деп сизден көптөн көп өтүнөбүз. (К.Жантөшев) Ачыктан ачык каршы чыккандар болгон жок. («Аалам»).
- Чыгыш жөндөмөсү бөлчөк санды да уюштурат. Мисалы: Алып келген алмаңдын үчтөн экиси таптакыр жарабайт. (С.Сасыкбаев).
Мисал: китеп сөзүнүн жөндөлүшү →
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Чыгыш жөндөмө