КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Атоочтуктар›Атоочтуктар

Атоочтуктар

Этиштин өзгөчө формаларынын бири - атоочтук. Атоочтуктар кыймыл-аракетти же ал-абалды заттын белгиси катары көрсөтүп, дайыма атооч сөздөр менен айкашып, аларды аныктап келет.

Атоочтукту уюштуруучу мүчөлөр булар: -ган (-ген, -гон, -гөн, -кан, -кен, -кон, -көн),  -ар (-өр, -ор, -ер),  -бас (-бес, -бос, -бөс, -пас, -пес, -пос, -пөс), -оочу (-өөчү), -уучу (-үүчү), -чу (-чү). Булардан башка да атоочтуктарды уюштуруучу айрым мүчөлөр бар. Аналитикалык жол аркылуу чакчылдын -а, (-е, -ө, -й) формаларына элек деген сөздүн кошулушу менен да атоочтук жасалат.

Атоочтуктар этиштин өзгөчө формасы болгондон кийин түзүүчү негиздер дайыма этиш уңгулардан болот. Мисалы: Топ кыздар элек, топ кыздар - сыланган сыпаа, сак куштар. (К.Сариева) Күйүт тартар кезимди билип келгин, кырк жигит, күч, кубатты кетирбей кирип келгин, кырк жигит. ("Курманбек").

Берген маанилерине караганда, атоочтук сөздөрдө этиштерге жана атоочторго тиешелүү белгилер (касиеттер) болот.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат