КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Атоочтуктар›Атоочтуктардын этиштик белгилери

Атоочтуктардын этиштик белгилери

1.) Заттардын кыймыл-аракеттик, ал-абалдык белгисин билдиргени менен атоочтуктарда кыймыл-аракетти билдирүү касиети сакталып калат. Мисалы: Шукшурулуп көктөн жерге сайылган, күүлөнүүсү туу чокудан кайырган, барчынды көр бала барчын окшойбу, шаңшыгы курч, аскаларга жаңырган. (К.Сабыров) Айыгар оорунун дарысы өзү табылат. (Макал).

2). Атоочтуктарда этиштин мамиле маанилери сакталат. Мисалы: Алдыда сакал, муруту алынбаган, кабагы салыңкы, зор денелуу, алп киши турду. (Э.Турсунов) Туюк мамиле маанисиндеги атоочтук - алынбаган.

Анын бул кыянатын дароо туюнган үй ээси колун бооруна алып жүгүнө берди. (С.Өмүрбаев) Өздүк мамиле маанисиндеги атоочтук - туюнган.

Мен бара жаткан кезде Чоңкол жыйналган топту койдой айдап жөнөп калган. (М.Элебаев) Туюк мамиле маанисиндеги атоочтук - жыйналган.

Мына ушул Шакаптар, Көксерек аймагын ар дайым намазга түшүргөн имам. (С.Өмүрбаев) Аркылуу мамиле маанисиндеги атоочтук – түшүргөн.

3). Атоочтуктар чак маанилерин да көрсөтөт. Мисалы: Чартарабына кароол коюлган кыштак кызуу уйкуда. (С.Өмүрбаев) Атоочтук (коюлган) өткөн чак маанисин берип турат. Айтылар сөзүбүз, аткарылар ишибиз бар, мырзам. (Т.Касымбеков) Атоочтуктар (айтылар, аткарылар) келер чак маанисин берип турат.

4). Атоочтуктар этиштик оң жана терс формаларда да айтыла берет, башкача айтканда, атоочтуктарга -ба мүчөсү жалганат. Мисалы: Көрүнгөн тоонун ыраагы жок. (Макал) Таптакыр мурда айтылбаган, ойго келбеген сөздөр айтылды. (К.Акматов)

Атоочтуктун терс формасы анын -бас мүчөсү аркылуу да туюндурулат. Мисалы: Ат арыбас болсочу, жаш карыбас болсочу. (Токтогул). Анткени, -бас (-ба-с) мүчөсүнүн тутумунда терс маани берүүчү -ба мүчөсү бар.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Атоочтуктардын этиштик белгилери