Эрежелер›Морфология›Атоочтуктар›Атоочтуктардын атооч сөз түркүмдөрүнө тиешелүү белгилери
Атоочтуктардын атооч сөз түркүмдөрүнө тиешелүү белгилери
1). Атоочтуктар атооч сөздөрдүн ичинен сын атоочторго жакын болуп, алар сыяктуу заттын белгисин, касиетин, сапатын билдирет, сын атоочтун суроолоруна жооп болуп түшөт. Мисалы: Жигиттин көөнү кубанат булкунган буудан ат менен. (Барпы) Саймалуу жүзаарчысын алып, манасчы маңдайынан чыбырчыктаган терди арчып, ордуна барып отурду. (Э.Турсунов) Атоочтуктар (булкунган, чыбырчыктаган) кандай? деген суроого жооп берип турат.
2). Атоочтуктар сын атоочтордой эле затташуу касиетине да ээ болот. Сүйлөмдө аныкталгычсыз келгенде атоочтуктар сан, жөндөмө, таандык категориялардын көрсөткүчтөрү менен өзгөрө берет. Мисалы: Үч атчан жакындаганда үч жигит тура калып аттарын алды да кермеге байлады. (Э.Турсунов) Атоочтук (жакындаганда) жатыш жөндөмөдө турат. Коштошуп колун кармашып, жакын калды жеңерге. ("Курманбек") Атоочтук (жеңерге) барыш жөндөмөдө келди. Бербестин ашы бышпас. (Макал) Атоочтук (бербестин) илик жөндөмөдө айтылып жатат.
3). Сын атоочтордой эле атоочтуктар да синтаксистик жактан дайыма аныктоочтун милдетин аткарып, ыкташуу байланышы аркылуу байланышат. Мисалы: Алатоом аскасынан учурган, бүркүтүңдөй болууну эңсеп, самадым. (К.Сабыров) Кулпурган бойлор сиздики, кусадар жүрөк биздики. (Барпы).
Атоочтуктар жак мүчөлөрүн кабыл алып, баяндоочтун да милдетин аткарат. Мисалы: Шаарды силерден мурда көргөндөрдөнбүз, байкеси. (Ш.Бейшеналиев).
Затташкан учурда сүйлөмдүн ээси менен толуктоочунун милдетин да аткарат. Мисалы: Толубайда койчу болуп жүрүп, бир токтусун жоготконум үчүн үч күн арыкта сууга салып сабаганы да бар. (М.Элебаев) Атоочтук (жоготконум үчүн) толуктоочтун милдетин аткарды. Күн жарыгы тийгендей күлгөнү кызык баланын. (Жеңижок) Атоочтук (күлгөнү) ээнин милдетин аткарып келди.
Азыркы кыргыз тилинде алгачкы мааниси боюнча атоочтук болуп, тилдин бара-барып өнүгүшүнүн негизинде заттык маанилерге биротоло өтүп кеткен сөздөр да бар. Алар азыркы учурда кыймыл-аракетти заттын белгиси катары билдирүүдөн таптакыр калып калган. Алардын сырткы түзүлүшундө атоочтук жасоочу мүчөлөрдүн даана көрүнүп, тутумдук бөлүктөргө оңой ажыратылып турганы менен кыймыл-аракеттик мааниден эч нерсе калган эмес. Буга азыркы кыргыз тилиндеги төмөнкү сөздөр кирет: капкан, тууган, чагылган, чапкын, жууркан, жазуучу, сатуучу, айдоочу, балтажутар, эчкемер, кабаган, сүзөгөн ж.б. Энчилүү аттар да бар: Аттокур, Төлөгөн, Сатылган, Муңайтпас, Токтогон, Бөрүбасар, Бээсыйбас ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Атоочтуктардын атооч сөз түркүмдөрүнө тиешелүү беогилери