Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Таңгыч ат атоочтор
Таңгыч ат атоочтор
Айтыла турган заттын, мезгилдин, касиеттин, орундун жок экендигин же ойго тескери келген маанини билдирген ат атоочтор таңгыч ат атоочтор деп аталат. Мисалы: – Чырпыктыда ким орусча окуткан? –Эч ким. (С.Станалиев) Таңгыч ат атоочтор булар: эч качан, эч ким, эч нерсе, эчтеме, эч бир, эч кандай .ж.б.
Таңгыч ат атоочторду да маанилерине жараша топторго бөлүп көрсөтсөк болот.
Кандайдыр заттын же заттык түшүнүктөрдүн жок экендигин, сөзгө катышпагандыгын билгизген ат атоочтор: эчтеме, эч нерсе, эч ким. Мисалы: Ошончо айтылган сөз эчтемеге арзыган жок. (М.Элебаев) Эч кандай табып анын оорусуна дары таба албады. (А.Токомбаев)
Таңгыч ат атоочтор зат атоочтун бардык категориялары менен өзгөрө берет: эчтемем, эчтемең, эчтемеңиз, эчтемеси, эчтемебиз, эчтемеңер, эчтемеңиздер; эчтеменин, эчтемеге, эчтемени, эчтемеде, эчтемеден; эч кимсиң ж.б.
Кандайдыр сапаттык белгилерди, түшүнүктөрдү жок кылып, танып көрсөткөн ат атоочтор: эч кандай, эч кайсы. Булар жөндөмө категориясы боюнча өзгөрөт: эч кайсынын, эч кайсыга, эч кайсыны, эч кайсыда ж.б. Мисалы: Эч кандай тартип бузуулар болгон жок.
Мейкиндик жана мезгилдик түшүнүктөрдү танып көрсөткөн ат атоочтор: эч качан, эч кайда, эч кайдан. Булар зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрбөйт. Мисалы: Бирин-бири «сүйлөсө экен» деп күтүшчү жана бир биринин сөзүнө эч качан тоюшчу эмес. (А.Токомбаев)
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Таңгыч ат атоочтор