КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Белгисиз ат атоочтор

Белгисиз ат атоочтор

Ар кандай заттардын, түшүнүктөрдүн жана алардын мейкиндик-мезгилдик же кайсы бир башка касиеттеринин белгисиз экенин билгизген ат атоочтор белгисиз ат атоочтор деп аталат. Мисалы: Эми эмнегедир кытай жөнүндө көп сүйлөөчү болуп баратат. (С.Станалиев) Белгисиз ат атоочтор булар: алда канча, алда кандай, алда ким, алда не, эмнегедир, эмненидир кимдир бирөө, кандайдыр бир, бир нерсе, бирдеме, бир нече ж.б.

Белгисиз ат атоочтор маанилери боюнча бири-биринен айырмаланган өзүнчө топтордон турат.

  1. Заттык касиеттин, белгилердин белгисиздигин билдирген ат атоочтор: кимдир бирөө, бир нерсе, бирдеме, алда ким, алда не ж.б. Булар зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрө берет: бир нерсем, бирдемең, бир нечебиз; кимдир бирөөнүн, кимдир бирөөгө, кимдир бирөөнү, кимдир бирөөдө, кимдир бирөөдөн, кимдир бирөөлөр ж.б. Мисалы: Бул райондо биз барардан бир нече  күн  мурун немецтер болгон. (Ж.Бөкөнбаев) Кимдир-бирөө кулагына шыбырап жаткандай. (С.Станалиев)
  2. Касиет, сын-сыпат белгилердин белгисиздигин же болжолдуулугун  билдирген  ат  атоочтор:  кандайдыр  бир, кайсы бир, алда кандай ж.б. Булар жөндөмөлөрдө өзгөрбөйт, айрымдары таандык болуп айтылышка ээ: кандайдыр бири, кайсы бирибиз, кай бириңер ж.б. Мисалы: Кайсы бир жылы кар калың түшкөн эле. (М.Элебаев)
  3. Сан-өлчөм белгилердин белгисиздигин же болжолдуулугун билдирген ат атоочтор: бир нече, бир канча, алда канча ж.б. Мисалы: Акыр заман болгуча алда канча кылым өтөр, чочуба. (А.Токомбаев) Мүрзөнүн жанында туруп, көзүмдөн жаш тегеренип, көңүлүм алда нече бөлүндү. (Ж.Бөкөнбаев)

Мындай ат атоочтор стилдик максатта гана жөндөмө мүчөлөрү менен өзгөрө бериши мүмкүн.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Белгисиз ат атоочтор