КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Аныктама ат атоочтор

Аныктама ат атоочтор

Аныктама ат атоочтор бирөңчөй заттарды, түшүнүктөрдү жалпылап бир топко бириктирип же топтон жалгыздатып бөлүп көрсөткөн сөздөр болуп эсептелет. Аныктама ат атоочтор берген маанилерине жараша үч топко бөлүнөт: жалпылагыч, жиктегич жана өздүк аныктама ат атоочтор.

  1. Жалпылагыч аныктама ат атоочтор заттарды, башка бир түшүнүктөрдү кандайдыр топко бириктирип же кошуп жалпылап көрсөтөт. Мисалы: Кептин баары ошо кол жазмаларда болуп жатат. (С.Станалиев) Жалпылагыч аныктама ат атоочтор булар: баары, бардыгы, бардык, бүт, бүткүл, бүтүн, бүт баары.

Булардын айрымдары гана таандык болуп өзгөрөт: бардыгыңар, баарыбыз; бардыгыныкы ж.б. Жөндөмөлөр менен да айрымдары гана өзгөрөт: баары, баарынын, баарына, баарын, баарында, баарынан.

  1. Жиктегич аныктама ат атоочтор заттарды же башка түшунүктөрдү тобунан ажыратып, бөлүп көрсөтөт. Мисалы: Бир күнү малдардын ортосунда талаш чыкты, ар бир мал өзүнүн адамга керектүүлүгүн айтты. (К.Тыныстанов) Жиктегич аныктама ат атоочтор булар: ар ким, ар кайсы, ар бир, ар кандай, ар нерсе.

Булар таандык болуп да (ар кимим, ар кайсың, ар бирибиз, ар кандайы, ар кимдики ж.б.), жөндөмө мүчөлөру менен да (ар кайсынын, ар кайсыга, ар кайсыны, ар кайсыда, ар кайсыдан ж.б.) өзгөрө берет.

  1. Өздүк аныктама ат атооч затты (көбүнчө сүйлөп жаткан тарапты) башкалардан бөлүп көрсөтөт. Мисалы: Өзүн өзү тилдеп, өзүн өзү жемелеп жиберди. (С.Станалиев) Өздүк аныктама ат атооч бирөө эле: өз.

Бул сөз таандык болуп да (өзөм, өзүң, өзүңүз, өзү, өзүңдүкү, өзүбүз, өзүңөрдүкү ж.б.), жөндөмөлөргө түшүп да (өзүңдүн, өзүңө, өзүңдү, өзүңдө,  өзүңдөн ж.б.), айрым жактар боюнча өзгөрүп да (өзүммүн, өзүңсүң, өзүңөрсүңөр, өзүңүзсүз ж.б.) айтыла берет.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008